Күнгө күйүп калганда эмне кылуу керек билесизби?

0

Каганат.

Күнгө күйүү – тери үчүн олуттуу жараат. Күнгө ашыкча күйүү териде бырыштарды жана тактарды пайда кыларын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Күнгө күйүүнү белгилери:

-Ачыштыруу

-Кызаруу

-Шишик

-Кээ бир учурларда ыйлаакчалар пайда болот

-Күнгө катуу күйгөн болсоңуз башыңыз ооруп, дене табыңыз жогорулап, кускуңуз келип, шалдыроо пайда болот.

Күнгө күйүп калганыңыз 2-3 суткадан соң билине баштайт, кызаруу жана ачыштыруу 2-3 күнгө созулуп, 7-10 күндө өтүп кетет. Тери түлөп кетет.

Күнгө күйүп калсаңыз эмне кылуу керек:

1. Пляжга барбаңыз

Күнгө күйүп калган болсоңуз эшикке көп чыкпаганга аракет кылыңыз, себеби кум, туздуу суу терини сезгендирип, инфекция пайда кылышы мүмкүн. Эгерде пляждан кетүүнү каалабасаңыз анда 30 SPF кремин бүт денеңизге сүйкөгөнүңүз оң. Көлөкөгө отуруп, сүлгү менен оронуп алганыңыз туура.

2.Компресс коюңуз

Муздак компресс күнгө күйүүдө жакшы жардам берет. Сүлгүнү суулап, күйгөн жерлериңизге коюңуз, бул ачыштырууну азайтып, ооруну басаңдатат.

Душка түшүп жатканда абайлаңыз. Муздак сууга, аллергия кылбаган самынды колдонуңуз. Ошондой эле күйүп калган жерлерге муз койсоңуз дагы жакшы жардам берет.

3.Мазь сүйкөңүз

Күнгө күйгөндө колдонулган маздардын курамында Е тобундагы витаминдер болот жана ультрафиолет нурунан сактайт.

Төмөндө кайсы маздарды колдонсо болору тууралуу маалымат ала аласыздар:

-Гидрокортизон мазы

Ал ооруну басаңдатып, кычыштырууну алдын алат, ошондой эле шишиктен сактайт. Гидрокортизон мазын жука кылып күйгөн жерге күнүнө 2-3 жолу сүйкөө зарыл.

-Цинк мазы

Бул мазь ооруну басаңдатат. Цинк мазын күйгөн жерге массаж кылып, күнүнө 2-5 жолу сүйкөп туруу керек.

-Биофлорин

Биофлорин ооруну басаңдатып, шишиктин алдын алат. Ошондой эле баткериялардын пайда болушунан сактайт. Мазды жука кылып күнүно бир нече ирээт сүйкөө зарыл.

-Синафлан

Сезгенүүгө каршы жакшы мазь. Ошондой эле кычышууну, аллергияны пайда кылбайт. Мазды күнүнө 5 жолудан бир жума сүйкөө керек.

4. Териге абайлап мамиле кылыңыз

Айымдар маска койбой тургандары туура. Ошондой эле бүдүрлөрдөн сактаган, жашартуучу кремдерди дагы колдонбой туруу зарыл. Бет үчүн крем сүйкөсө болот, бирок сезгич терилер үчүн чыгарылганын гана! Эч кандай косметикалык каражаттарды колдонбоо керек.

5. Суу көп ичиңиз

Күнгө күйүп калган учурда сууну көп ичкенге аракет кылыңыз. Бирок алкоголь эмес!

6. Кенен кийим кийиңиз

Ансыз дагы күйүп калган денеге чапташкан кийим кийип аны ого бетер сезгендирип албаңыз. Кенен кийим кийиңиз. Синтетикадан жасалган кийимдерди кийбегениңиз оң.

7. Ыйлаакчаларга тийбеңиз

Ыйлаакчалар күндүн зыяндуу нурлары өтө терең сиңгендигинен кабар берет. Ыйлаакчаларды жарбаңыз. Эгер өзү жарылса инфекция кирип кетпеши үчүн таңып койгонуңуз туура. Эгерде байлаганга мүмкүн болбой турган жер болсо, анда үтүктөлгөн таза кездемени койсоңуз болот.

8. Ооруну басаңдатуучу дары ичиңиз

Эгерде катуу оорутуу жок болсо анда ибупрофен ичиңиз. Ал жабыр тарткан жерлерди бат калыбына келүүсүнө түрткү болот.

Башка дарыларды ичүүдө доктурлардан кеңеш алыңыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз + 13 =