Президенттик шайлоо боюнча нааразы болгондор кимге кайрылуу керек?

Каганат.

Президенттик шайлоо боюнча нааразычылыктар пайда болдубу? Кимге барып арызданып, кимден жооп аларыңызды билбей турасызбы? Анда БШКнын сайтына жазыңыз.

2017-жылдын 7-июлунда КР БШК «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитти.

Жобо Европа Кеңешинин Венециан комиссиясынын эксперттеринин жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн  сунуштарын  эске алуу менен кабыл алынды.

БШК өзүнүн  shailoo.gov.kg расмий сайтында шайлоо  комиссияларына түшкөн кайрылуулар тууралуу маалыматтар милдеттүү түрдө жарыялана турган  арыз жана даттануулар менен иштөөнүн автоматтык режимин ишке ашырды.

Бул болсо бардык деңгээлдеги  шайлоо кампаниялары учурунда   шайлоо системасынынын ачык- айкын  иштөөсүн камсыз кылат.

Ар бир арыз берүүчү өзүнүн билдирүүсү кандай даражада каралып жаткандыгын  ведомствонун сайтынын түз эфиринде байкай алат.

Арыз жана даттануулар боюнча кабыл алынган чечимдер КР БШКнын интернет сайтынын электрондук реестрине жайгаштырылат: https://shailoo.gov.kg/ru/claim/registry/1/

Бул жерден арыз  же  кайрылуулардын жүрүшүнө  көз салып, кабыл алынган чечимдер менен таанышууга  болот.

Ушул шилтеме боюнча: https://shailoo.gov.kg/ru/claim/registry/1/  билдирүү же арызды “Кайрылуу жөнөтүү” деген бөлүмгө калтырыңыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × үч =