Текебаевдин сотунда Шыкмаматов “Мегакомдун” жетекчиси калп айтып жатканын билдирди (аудио)

0

Каганат.

Бүгүн, 11-июлда Өмүрбек Текебаевдин соту уланууда. Соттук отурумда депутат Алмамбет Шыкмаматов күбө катары көрсөтмө берүүдө.

Шыкмаматовдун айтымында, “Мегаком” компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов туура эмес көрсөтмө берген.

“Мен Азат Базаркулов менен жолугуп сүйлөштүм, эмнеге калп айтып жатасың дедим. “Байке үй-бүлөм бар, балдарым бар, мени булар кыйнашты. Мындан да жаман көрсөтмөлөрдү бер деп кыйнашты” деп айтты. “Өмүрбек Чиркешовичтин акча алганын көргөм де дешти” деди. Бирок мен макул болгон жокмун деди”,-деп билдирди Шыкмаматов.

Ошондой эле Шыкмаматов Азат Базаркулов менен “Обама” кафесинде түшкү тамак жебегенин айтты.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

7 − бир =