Тоңдо “Тескей жээк” деп аталган этнофестиваль болот

Каганат.

15-июлда Тоңдогу Саякбай Каралаевдин үйүндө “Тескей жээк” деп аталган этнофестиваль өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Максаты – этномаданиятка байланышкан туризмди өнүктүрүү жана көчмөн калктын салттарын жайылтуу.

Фестивалдын алкагында көчмөндөрдүн оюндары: тыйын эңмей, кыз куумай, жаа атмай болмокчу. Ошондой эле салттык салбуурун элементтери көрсөтүлүп, көк бөрү оюну уюштурулат.  

Аны менен катар эле чеберлердин колунан жаралган буюмдар көргөзмөгө коюлуп, мастер-класстар уюштурулмакчы.

Фестиваль ыр-бий менен коштолору күтүлүүдө.

Кызыктырган суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрлыңыздар:

Мукашева Бегимай: +996 772 67 33 07

Орузбаев Азамат: + 996 703 92 70 86

southshoreik@gmail.com

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 + 5 =