Бишкекте “Антиконтрафакт” V Эл аралык форуму болот

0

Каганат.

14-16-сентябрда Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоо маселелери боюнча “Антиконтрафакт” V Эл аралык форуму болуп өтөт.

Форумдун катышуучулары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жакшыртуу жолдорун, контрафакттык жана жасалма продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга каршы аракет көрүү чараларынын тутумун, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо көйгөйлөрү, жарандардын ден соолугуна жана байгерчилигине контрафакттык жана жасалма продукциянын тийгизген таасирин жана башка бир катар маселелерди талкуулашат.

Форум конференциядан, пленардык отурумдардан, контрафакттык жана лицензиялык продукциялардын үлгүлөрү коюлган көргөзмөдөн турмакчы.

Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, контрафакттык продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган уюмдардын “Антиконтрафакт” Эл аралык ассоциациясы жана Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги.

Маалымдама:

“Антиконтрафакт” эл аралык форуму тажрыйба алмашуу, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) укуктарын жана ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттеринин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, товарлардын сапаты менен коопсуздугун жогорулатууга багытталган техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо механизмдерин өркүндөтүү, продукциянын сапаты менен коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүңун майнаптуу ыкмалары менен механизмдерин иштеп чыгуу, ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, эл аралык кызматташтыктын багыттарын иштеп чыгуу жана укук бузууларды аныктоо, болтурбоо жана алдын алуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо максатында ЕАЭБдин алкагында уюштурулуучу, өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө дайыма өткөрүлүп туруучу илимий-практикалык жана көргөзмөлүк иш-чара болуп саналат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − жети =