Бир ай ичинде кантип сулуу болуу керек: 9 кеңеш

Каганат.

1-кеңеш. Эрте менен ачкарын 1 чай кашык зыгыр уругун жеңиз. Жакшылап чайнап, жылуу суу менен ичүү керек. 30 мүнөттөн соң тамактана берсеңиз болот. Бул кандай таасир берет? Организмди тазалайт. Териңиз жакшырат. Арыктатат. Ошондой эле зыгыр уругу чачтарды, тырмактарды бекемдейт. Организмде таш болгон учурда зыгыр уругун колдонуу болбойт.

2-кеңеш. Күн сайын бышырылган кызылча жеңиз. Кызылча канды тазалайт. Ал эми кандын таза болуусу ден-соолуктун чың болуусуна өбөлгө түзөт. Бул жашылча дагы теринин абалын жакшыртып, ички органдардын ишин жөнгө салат.

3-кеңеш. Күн сайын жатарга 1 саат калганда бетиңизге глицерин менен Е витамининин аралашмасын сүйкөңүз.

30 грамм глицеринше 10 капсула Е витаминин кошобуз. Капсулаларды тешип, майын сыгып алабыз. Бул эки каражат тең дарыканада арзан эле бада сатылат. Аралашманы бетке сүйкөрдөн мурда беттин терисин тазалап, жумшак щетка менен массаж кылып алуу керек, бет бир аз кызарып чыгуусу зарыл. Себеби дал ушул учурда клеткалар пайдалуу нерсени өзүнө жакшы сиңирип алышат. Бир кемчилик бар – териңиз бир аз жабышчаак болушу ыктымал. Мындан кутулуу үчүн тоник колдонуңуз. Ар бир таңда териңиз жакшырып бара жатканын байкайсыз. Майда бырыштар жазылып, теринин түсү оңолот. Көздүн астындагы, капталындагы бырыштар үчүн эң натыйжалуу каражат.

4-кеңеш. Күн сайын 50 грамм жаңгак жеңиз. Сизге кандай түрү жакса ошонусун жесеңиз болот. Чачтарыңыз жана тырмактарыңыз сизге 2 жумадан соң чоң рахматын айтышат.

5-кеңеш. 3 күндө бир жолу кургак, майдаланган горчицага өсүмдүк майын кошуп, ботко даярдайбыз. Ным чачка сүйкөп, 20-30 мүнөт коебуз дагы, жууп салабыз. Бир ай дайыма кайталап тургандан кийин чачтарыңыз бир топ жакшырганын байкайсыз.

6-кеңеш. Уктаар алдында кийүүчү байпагыңыз болсун. Мезгилге жараша жука же калың болсо болот. Уктаар алдында душ кабыл алгандан кийин буттарыңызга каймак майына бир нече тамчы мята майын кошуп, бутуңузга шыбаңыз. Андан кийн байпактарды кийип уктайбыз. Бир айдан кийин буттарыңызга берген жакшы таасирин байкайсыз.

7-кеңеш. Эми кирпиктерибизге кам көрүүнү үйрөнөлү. Бизге туштун бош идиши керек. Аны жакшылап жууп, кургатып алабыз. Өндүрүлгөн буудайдын майын (масло зародышей пшеницы) ичине куябыз. Бүттү! Баары даяр. Уктаар алдында кирпиктериңизге сүйкөп жатасыз. Балжыратып көп сүйкөөнүн кереги жок. Бир айдан кийин кирпиктериңиз коюуланып, бир топ өскөнүн байкайсыз.

8-кеңеш. Денеңиздин терисине кам көрүңүз. Бир стакан туз алабыз дагы бир стакан майлуу каймак кошобуз. Жуунгандан кийин кол кап жуунгуч кийип алып бардык денеңизге аралашма сүйкөп чыгасыз дагы акырындан массаж кыласыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салуу зарыл. Туз денени тазаласа, каймак болсо тузду жумшартып, теринин тытылышынын алдын алат, ошондой эле клеткаларды азыктандырат.

9-кеңеш. Башыңызды жуугандан кийин чайкоо үчүн атайын суу даярдап алгыла. Сууга бир  нече тамчы ментол майын (1 литрге 5 тамчы) кошуңуз дагы чачыңызды чайкаңыз. Бул баш терисин жакшыртып, баш ооруну жок кылат. Ошондой эле какач жана майлуу чач менен жакшы күрөшөт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + 16 =