Эрнис уулу Айбек: “Прокурорлор дагы соттор”

0

Каганат.

Бүгүн, 13-июлда Биринчи Май райондук сотто Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө сот Эрнис уулу Айбек прокурорлор дагы сотторго кирерин билдирди.

Муну уккан жактоочулар ага дароо ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Жактоочулар сот кылмыш-жаза кодексинин нормаларын бузуп жатканын айтышты. Сот кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × үч =