Сынган кылыч: Мусулманкулдун Хан ордосун башкарышы

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

VII

Баягы эле ордо. Сыртынан караганга ынтымагы бүтүн болгонсуп калган ордо. Акылдуунун оозун кароо, сакалдуунун сакалын кадырлоо, баары такыба, баары сыпаа, баары сылык. А ичи дагы эле кырды бычак, жылмайып отуруп аңдышкан, жанаша жүрүп жулук тиктешкен коркунучтуу ордо.

Көлөкөлүү кош чынар, бир жагы гүлбак. Эки тарап болуп, байге сайылып, онбеш тамандан чийин тегеретилип, чүкө ордо ойнолгону жаткан. Чийин борборуна ар бир өнөккө бештен чүкө салынып, ортосунда кызылга боёлгон «каны» жылтырап жатат. Көлөкөлүү көк майданга ар жерине килем, төрбөлжүн салынган, үстүнө шайы төшөк төшөлгөн, чүкө ордо жаккы четтерине дасторкон жайылган — дүйүм мөмө, дүйүм даам коюлган, каз моюн шише идиштерде кызгылт шербет, кырмызы мусалла турат, кымызбы же бозобу килейген сары чаначтар ар бир дасторкондун капталында булкуюп-булкуюп жатат.

Өңкөй бек, эки тарап өнөк эки жерде топ, кимдир оюнбашыны күтүшкөндөй, даамга бири да сугулбай, кымкап чепкендери желбегей, ар биринин колунда ар түркүн боёлгон бирден томпой, өз колуна өкчөп, зыңгырашып имериле басып турушат. Бир убакта чүкө ордого келе жаткан кишилер көрүнөт. Эң алдында жаш хан Кудаяр, жанында теңтушу Абдырахман, алардын артында сылтыган Мусулманкул, дагы бир чоочун, узун бойлуу дөө адам. Оюнчу бектер дүргүй тосо басып калышты.

Жаш хан: — Ас-салоому алейку-ум! Бектер таазим кыла алик алышты:

— Ва-алейкума ас-салам, азиретти кан эгебиз… Мусулманкул:

— Ортоңор толсу-ун, жаранлар!

— А-а, бирге болсу-ун…

— Айтканыңыз келси-ин, аталык… Мусулманкул жаш ханды чыканагынан асте ала коштоп, салынган килемдердин эң төркүсүнө алып өтүп, саал бийиктетилген орунга отургузду да, жанындагы дөө адамды өтө урмат кылганын баарыга сездире:

— Бул адам биздин бир тууган агабыз… Алмамбет… — деди бектерге. «А бар болсун…», «Сак-саломат болсунла-ар…» деген асте коштоп калышты. А дөө адам тынч, момурап айланта тиктеп, өзүнөн майда адамдарга жакын болгусу келгендей, көкүрөгүн ийип, үңкүйүп турат. Эки көзү кыпкызыл, көсө чалыш, ээгинде сакал-мурут дегидей эле биртке эрбейген суйдаң кылдары бар, кекиртек териси шалбыраган дөөгө оюнчу бектер асте-асте тымызын тиктеп коюшат.

Те четте эки киши төбөлөрү бириге калыша шыбырашып турушат. Бири: «Охо-о, жомоктогу чоюнкулак алп ко бу?..» Бири: «А-а, мындай айбан сүмөл тоо арасында жүда көп…» Акырын шыкылыкташып күлүшөт. Миңбашы агасын коштоп, акырын калкамандап кыдырып басып, бектерди ага тааныштырды. Каердин беги, ким деген — баарын айтты, башында кере карыш кундуз бөрк, ак-саргылт камзол кийген, чылк күмүштөн кемер курчанган, сары булгаары каңтарма өтүкчөн, жакасы өңүрүнө дейре саймалуу кызыл макмал чепкени желбегей, ар кандай кишини башынан ашыра тиктеп көнгөнсүгөн өтө дымактуу көрүнгөн Алымбектин сөөлөтү гана Алмамбеттин эсинде калгансыды. — А калганы… бектердин жигит-желеңи, чүкө атканга абдан машыккан оюнчулар… — деп койду Мусулманкул.

Бир чымчымдан нан ооз тийилип, пияланын жарымынан төмөн куюлган сары чайдан ууртташкан болушкан соң чыдамы түгөнүп турушкан оюнчулардан узун бойлуу кара жигит сыңар тизелей:

— Кана, энди, хан ата, — деди, — бата берип коюң оюнга… Чүрүшкөн кабагы жазылган Мусулманкул:

— Кана, аке, — деди Алмамбетке, алакан жая, — оюнга бата берип коёлу, бектер сийгелектеп кылчылдап турушат! Баары дуулдаша бата кылышты:

— О-омийин, оюн олжолуу болсун, аллау акибар! Бул оюн те байыртан калган оюн, убагында Кара- кан, Огуз-кан ойногон деген көөнө оюн. Эки тарап болуп ойнолот, кайсы тарабы чоң тегерек чийинден чүкөнү көп чыгарып алып кетсе, үч кайталанып, ошол тарабы уткан болуп эсептелет, коюлган байге ошолорго берилет. Бул оюн бир убактарда эл жакшыларынын башын кошуп, ынтымакка өбөлгө, а бир убактарда жака айрышкан мушташка, кан төгүлгөн чабыштарга шылтоо да болуп келген.

 Бир жагынын өнөк башысы — жаш хан, дымактуу Алымбек, бир жагынын өнөк башысы — миңбашынын эрке уулу Абдырахман, жанагы оюнга бата сураган узун бойлуу кара баатыр Касым пансат экен. Оюнду биринчи «хан өнөгү» баштайт. Пансат чийинди туура басып, өңкөйүп көпкө өңүп тиктеп, бир убакта томпой атып, чүкөлөр жайыла түшүп, бирок бир да чүкө чийинден чыкпай калды, чүкө чыкса оюнчу оюнун уланта бермек. Оюн «бек өнөгүнө» өттү. Алымбек манчыркап:

— Ва-а, — деп, чийинди тегерене акмалап басты, — мына эми биз тооруп көрөбүз. Эми биз…

— Сол колун белине кайрып, оң бутун чийин басып турган сол бутунун согончок жагына имерип, оюн эрежеси ушундай, чийинге жакын жаткан чүкөнү имерип тооруду, чүкө кылт эте чийинден тышка чыгып кетет да, кызыл томпой чимирилип барып жайылган чүкөлөрдүн бир четине жатып калды, бек аны сайын манчыркап, тамшанып:

— Мына эми биз… —деп, жүйүртө сыңар тизелей, өтө кылдат, томпоюн оң колдоп алып, чүкөлөрдү бир четинен чыкылдатып чертип чыгара баштады. Козү сүзүлө күлүңдөгөн Нияз кушбеги:

— Жакшы, жакшы… Куп чертет экенсиз, бек. Бизге йам бирдеме калабы?! Алымбек орун которуп, кайра сыңар тизелей баштай, кушбегини карабай:

 — Өтө эле учка чыккандан эмеспиз… —деп, бир чүкөнү аны карай чертип жиберет, чүкө кушбегинин өтүгүнө барып тийет, — бирак, мелдешип калган соң, кушбеги… кантебиз, аракет кылып көрөбүз да…

— Черте берет. Бул өнөктүн оюнчулары чыккан чүкөлөрдү терип жүрүшөт, тиги өнөктүн оюнчулары сустайыша унчукпай карап турушат. Мусулманкул «акеси» экөвү бир дасторкондо даам сызып, оюнду карап отурушкан.

— О-о, бу Ош беги эч кимге оюн бербей турган го бүгүн?! Акырын башын ийкеп койду Алмамбет. Каз моюн идиштин өзүнөбү, же ичиндеги суусунгабы, иши кылып, «акесинин» көзү ага улам имерилип турганын Мусулманкул байкап калды да:

— Мусалла… — деди акырын. Алмамбет:

— Аның эмне? Мусулманкул күлө:

— Бу баягы эле Күрпүлдөк-Сайдын жабайы жүзүмүнөн тепкен шараптын эле өзү, бирак кичине сүт тамгызып, иреңи менен атын өзгөртүп коюшкан. Буга шарият жол берген дешет. Көрөсүзбү?.. — деди.

 — А… ошондой эле болсо…—деп, күңк-мыңк этип койду Алмамбет. Каз моюнга көз шилтеп:

— Куй…—деди Мусулманкул карысына ак чачык сала жүгүрүп кызмат кылып жүргөн чайчыга. Чайчы чай пиялага жарым кылып куюп, мейманга сунуп калды эле:

— Эй, муну сен өзүң ич, — деди Мусулманкул, — куй чоңуна! Чайчы анар салынып турган чоң сыр кесени чайкап, кылтылдаган кызыл мусалладан боор көпмө кылып куюп, мейманга кайра сунду. Сыр кесени кош колдоп алып, саал бүксүгөн жыты уруп, бир кур ыргылжың болгонсуп токтолуп, анан баш көтөрбөй түбүнө дейре тартып салды Алмамбет:

— Даамы жок ко?..

— А, биердегилер ушуга деле кылжыңдап калышат,—деп койду Мусулманкул. Мойнун созуп, оюнга кайра көз сала баштады Алмамбет. Эң акыры черткен чүкөсү чийинден чыкпай калып, Алымбек ордунан туруп, өзүнө өзү ыразы, манчыркаганы манчыркаган, өнөктөштөрүнүн дуу-дуу сүрөгөн үндөрү коштоп, чийинден тышка басты. Оюн кезеги тиги өнөккө өттү. Нияз кушбеги атышка ыктуу чүкө пайлап, чийин бойлоп басканда жаш хан анын колунан томпоюн алып койду. Кушбеги сүйүнүп кеткендей бажырая жылмайып:

— А… а… өзүңүз… өзүңүз… — деп башын ийкегилеп, боюн артка тарта берди. Бу «элеттен келген дөөгө» жакпай калды. «Жашы улуу адамды мустарап кылып койду э?!» деди ою. Жаш хан чийинди бутунун үзөңгүлүгүн чийинге таамай койбой эле, ичкери чүкөгө чукулдап, сол колун артына кайрыбай эле, сол бутун тогонок кыла- кылбай эле тоорумакчы боло баштады. Бирөө чеки дебейт! Тыякта элет адамы мойнун созуп, кабагы бүркөлүп, көзүн ымдалап тиктеп калды. Жаш хан тооруган чүкөсү чыкпай калып, кайра дагы бирин жанагыча «тооруй» баштады. Оюн да ушундай болмокпу?! Эми чыдабай элеттин адилет көңүл пендеси жулунган арстандай обдулуп тура жөнөдү. «Кана, тооруң!», «Кана, чыр-р эткириң!» дешип, кошоматчылары кыйкырык салып жатышкан убакта:

— Э-эй… Токто…—деп күркүрөп барып, барганынча жаш ханды шыйрагынан сыга кармай силке тартып, чийинди бастырып койду.

— Мына мындай басып тооруйт! Оюндун эрежесин билбеген оюнга кошулбайт, а бузган чоңдукка жатпайт, жиеним! Жаш Кудаяр-хан кыпкызыл болуп кетти. Карап тургандар бири кыйды күлүмсүрөп, бири өзү жаака жегендей нес болуп — баары турган ордунда селейди. Ыза боло түшкөн хан томпойду силке таштап басып кетти. Мусулманкул алдынан чыгып:

 — Тагаңыз да… —деп жубатты.

— Булардын көңүлүндө асти кара зил болбойт, туура кебин аар-жүзгө карабай бетке айтып коё беришет. Кечиримдүү, кечиримдүү… Улана берсин оюн. Жаш хан мөлтүрөгөн кирпигин араң эле ирмеп гана тим болду. «Ыя?! Сен чоңсуңбу?! Хан деген башкага да, өзүнө да калыс болушу ылазым! Сен эмне, кайдагы бир сассык байдын таркылдаган оосурак баласысыңбы?! Ыя, деги айтканды кулагыңа илесиңби, же…» деп, кечинде аталыктын кейий турганын, акыры аягында «…же…» деп коркутарын көз алдына келтирип, аны ой басып калды. Күбүр-шыбыр. Көз-көрүнөө ара сууп, оюн кызыгы пастай калды. «Өй, көрбөй, укпай жүрдүк беле мындайды?! Кана, ойнойлубу, мелдеш бар ортодо, чоң байге коюлган?!» деди бирөө. Кайра кирип кетишти оюнга. Миңбашы өзүнчө эле мулуңдап, тууганын калдайтып жанына жанаша бастырып, те гүлбакка карай ыктады. Бир аз ээндей түшө Мусулманкул башын ийкеп, башын чайкап:

— Ой, акем ай… — деп күлдү,— барып эле шыйрактан алып… Ыя, «хан эле» деп да ойлобойсуз а?! Алмамбет:

— И?!.. Чекиби?! Мусулманкул:

— Башка бирөө болгондо «чеки» дешип отурмак бекенбиз?! «Ханга колу тийген» турган жеринде мууздалат болучу, о кокуй!

— Жо-о, — деди Алмамбет, — оюн деген баарыга тең! Мусулманкул:

— Не болсо да, аке, менин аброюмду асманга көтөрүп эле салдыңыз! Алмамбет ормойду: — Качан?

— А жанагы «хан баланы» мына минтип шыйрактап! —деп, колун кудум Алмамбеттин өзүндөй кыла ызырына сермей көрсөттү Мусулманкул.

— Кеп балада эмес эле, кеп баланын артына далдаланып, мени менен эрез талашкысы келе баштаган кишилер бар эле ошерде. Куп жакшы болду да ошолордун көзүнчө! Мына ошолорду шыйрактагандай эле болду — сел- лейип, сел-лейип калышпадыбы?! А Алмамбет өзүнчө корстон;

— Мен анысын кайдан билдим?! — деди күрөктөй кең алаканын шилтеп,

— Бала кырам тооруп атпайбы, оюн жыдыйт да, ошон үчүн… «А кокуй ай, — деди Мусулманкул өзүнчө, анын көңүлүндөгүгө акесинин анча маани койбогонуна ыразы болбой, — чайнап берсең аш кылбайт…» Кабагы кайра үйрүлдү, дагы ой басты аны;

— Бала чүкө ордону жыды кылса кылар, а хан ордону жыды кылдыра койбоспуз! Эси анча эмес, ээрчиме, кошоматка бат жыгылат. Ушу жакындан бери анын кыял- жоругунан башка бирөөлөр байкалып калды. «Өзү бу болсо, тоодогу акеси ушу болсо, ханды көз көрүнөө шыйрактап отурса, бизди оңдурабы бу?!» дешип калышты…—деди.

Сөз төркүнүнө баамы жетпей, кепти чоюп тең сүйлөшүп кетишке жарабай, үкесинин ниетинде турган «а-а, көрсөтөбүз дагы шыйрактаганды» деген оюна эч баамы жетпей, көзүн ымдагылап маңыроо, чын эле «чайнап берсе аш кыла албай» отурду. Те илгертен жалпы кыргыз кыпчак элинде миң тукуму, алардын ичиндеги Алтынбешиктин балдары тоолук уруулар менен кыз алышып тамыр-сөөк болуп келишсе, теги бир ичкилик кыпчак бектери кыз алышуудан башка да, же сүт эмип, же сүт берип туугандашкан. Мунун баары замананын талабы, кандайдыр биримдик түзүш үчүн, тирек табыш үчүн арга болгон. Күндөрдүн биринде ичкилик бектери ушул Мусулманкулду бешиги менен атка өңөрүп келишип, Алмамбетке эмчектеш кылышат. Ошол бойдон Мусулманкул элетте чоңоюп, туугандарына кийин эрезеге жеткенден кийин кетиптир. Ошентип ал тоолуктун сүтүн эмген, тутунган баласы болуп эсептелинип калган экен. Баягы сүт кадырын сыйлап, тууган деген сөз тартып, булардын алакасы али үзүлө элек болучу. Бу сапар да Мусулманкул кадимкисиндей кучак жайып тосту. Чоңмун деп боюн көтөргөн жок. Ордо кадырмандарынын башына отургузду. Элдин көзүнчө акебиз деп ийилип, жумшак сүйлөшүп, зыяпат көрсөттү. Элеттин баёо адамы кантип кубанбай коё алат буга? Мусулманкул ордону катуу кармаган.

Аскер ишин күчалдырып, көбүнчө өзүнүн негизги тиреги болгон кыпчак жаатынан курады. Коконго, Маргаланга, Намангенге, Ташкенге кыпчак бөлүктөрүн кармады. Анжиянга Алымбек датканы, Намангенге Кедейбай датканы калтырып, вилаеттерге жалаң кыпчактардан койду.

Жакында Кудаярга өзүнүн кызын алып берип, чындап ата болуп алды да, кимди да болсо кыңк эттирбей, бийлигин дагы бекемдеди. Бирок Кудаяр жеңил, анын үстүнө катын жандуу неме болду. Мунусу миңбашынын бийлигине салакасы жок. Бирок Кудаярда Мусулманкул үчүн бир коркунучтуу сапат бар, ал ээрчиме. Миңбашынын катуулугун, хан аты эле болбосо өзүнүн эрксиздигин эсине салып, азгырган кишиге ээрчип ар кандай жолго оңой түшө бере тургандай. Ошондуктан Мусулманкул аны темир чеңгелдей тутуп жүрөт. Кишинин көзүнчө эркелеткенсип, урмат кылгансып коюп, жалгыз отурганда катуу жемеге алат. Дос таап кетет деп колуна бир мири алтын теңге карматпайт. Чоочун бирөө менен, шектүүлөр менен сүйлөштүрбөйт, мамлекеттин тагдырына тиешелүү болгон иштерге катыштырбайт. Кийинки учурда кутумдар акырындап Кудаярдын далдасында чогула баштады. Азырынча коркунучу болбогон соң Мусулманкул аларды эсебин алып тим койду. Кас деген кастыгын акыры кылбай коёбу? Неткен менен, Мусулманкулдун жүрөгүнө кооп түшүп калган. Бир аздан соң:

— Аке, элде кандай жигиттер бар? Бир бычакка сап болору чыга турганбы? — деп сурады Мусулманкул. Алмамбет ойлонбой туруп эле жооп кайтарды;

— Жок… Өткөн жазда, баягы өзүң көргөн Күрпүлдөк-Сайдын башындагы менин балбан ташымды көтөрөм деп бир бала барыптыр дейт…

— Ал башындагы калдайган тебетейин колуна алып, таза кырдырган чоң башын сыйпалап койду, анын ушул кыймылынан мактаныч көрүнө түштү. — Көтөрүп ыргытмак тургай, ордунан козгой албаптыр! Км… Мусулманкул бир ууртун тарта күлгөн болуп койду. «Атаны, таш көтөргөнүн эрдик көргөн түркөйүм ай..!» деди ичтен кынжыла.

— Аке, — деди бир убакта Мусулманкул, — мен аскерликке кызыккан кайраттуу жигиттер барбы деп сурап жатам? Көзүн ымдалап шалкы жооп берди Алмамбет:

— Чыгат ко, көп эле чыгат ко… Билбейм, кымыз көп, эт көп, ушундай чакта ким сорондоп ат чаап жүрөр экен… Имериле басышты. Мусулманкул түнөрүп: — Ушун этип, — деди, — кылычыңарды дат бастырып, этке тоюп ныксырап жаткан кезиңерде бороон кууган бир үзүм булуттай бир жактан кырктай атчан шап деп келип, эми жейли деген табагыңардагы кулжебесиңерди, сабадагы күүлдөгөн кымызыңарды тартып алып койсо, анда кантесиңер?

— Йе-е… Ким?! — Пилдей көзү чекирейди Алмамбеттин.

—Кан турганда, сендей кан атасы барында… кайдан келет кырк атчан бизге?! — Ошо ханыңыз өзү чаптырсачы? Сөз таппай калды Алмамбет:

— Өз элин өзү чабабы?.. — деди бир убакта. Кырт-кырт күлүп койду Мусулманкул.

уландысы бар.

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

18 − он =