Текебаевдин сотунда мамлекеттик айыптоочуларды алмаштыруу өтүнүчү четке кагылды

0

Каганат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда мамлекеттик айыптоочуларга ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн.

Бирок сот Эрнис уулу Айбек мамлекеттик айыптоочуларды алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Ал буга эч кандай негиздер жок деп эсептейт.

Жактоочу Канат Хасанов мамлекеттик айыптоочулар, өзгөчө Жахангир Ботобаев күбөлөрдү адаштырууга аракет кылып жатканын айтып, аларды алмаштыруу өтүнүчүн келтирген эле.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × үч =