Кыргызстанда бойдон алдыруу расмий статистикадан беш эсе көппү?

0

Каганат.

Өспүрүмдөр арасындагы бойдон алдыруунун көбү криминалдык. Бул тууралуу “Репродуктивдик ден соолук боюнча Альянс” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Галина Чиркина билдирди.

Айтымында, өлкөдө аборт боюнча статистика туура жүргүзүлбөйт.

“Мамлекет статистиканы мамлекеттик мекемелерде жүргүзүүгө аракет кылып келет. Бирок жашыруун, криминалдык шарттарда да  бойдон алдыргандар жок эмес”,-деди ал.

Ошондой эле Чиркина бойдон түшүрүүчү айрым дарылар дагы ачык эле сатылып жатканына нааразы.

“Дары-дармек департаменти көзөмөлгө албагандыктан ушундай абал болуп жатат. Ошол эле “Дордойдо” дагы дарылар сатылат. Төрөгөндөрдүн 10 пайызы 19 жашка чейинкилер. Дал ушундай статистика абортторго да тиешелүү ”,-деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жылына 21-28 миң аборт жүргүзүлөт. Галина Чиркинанын айтымына, бул санды бешке көбөйтсөк гана чындыкка коошмок.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − 3 =