Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат

Каганат.

Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери 25-июлда бүтөрү күтүлүүдө.

Бекитилген графикке ылайык, саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 24:00дөн 2:00гө чейин тоннель жабылып турмакчы.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн министрлик элден кечирим сурап, бул иштер жыл сайын жүргүзүлүп туруусу керектигин белгилеген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 3 =