Турсунбеков президенттикке аттанса, ага КСДПда орун жок экени айтылды

0

Каганат.

Бүгүн, 15-июлда КСДП партиясынын съездинде Фарид Ниязов Чыныбай Турсунбековдун президенттикке талапкерлигин коюп жатканын сындады.

Айтымында, эгерде Турсунбеков президенттикке талапкерлигин коё турган болсо, анда ага партиядан орун жок.

“АКШда бир нече талапкер болуп, бирок андан кийин баары бир талапкерди колдогонун билесиңер. Бизде деле ушундай. Уставга ылайык, партия мүчөлөрү партия чечимин аткаруулары керек, ал эми съезд – бул партияны башкаруудагы жогорку орган. Партиянын чечимин аткарбаган мүчөлөргө партиядан орун жок”,-деди Ниязов.

Ошондой эле ал февраль айында 12 талапкер болгондугун, саясий кеңештин съездинде бир гана талапкерди – Сооронбай Жээнбековду алып чыгуу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 4 =