Уугум сага айтам… Улутту кармай турган адамдарды жоготуп алсак, эртең улут болбой калабыз

Каганат.

Бүгүн кыргыздын каймагы, кыргыздын чыныгы мекенчил уулу, кең пейил Сулайман Кайыповдун туулган күнү. “Kaganat.kg” сайты улуу инсан тууралуу учкай кеп улап, окурмандарга анын замандаштарынын пикирин берүүнү туура көрдү.

Эчендеген жылдардын бери өз оюн так айтып, тайманбаган сапатынын айынан, кыргыздар улуу инсанды алаканга салып, акылын ала албагандыгынан  Сулайман Кайыпов чет өлкөгө салымын кошуп иштеп келгенин замандаштары каңырыгы түтөп айтып келишет. Жалган жалаа, болбогон шылтоо менен Кыргыз-түрк Манас университетинен Сулайман агайды кетиришкенде анын жашаганга үйү жок болуп калганын дагы айтып жүрүшөт калемгерлер.

Өмүр баяны

Белгилүү фольклорчу, профессор Сулайман Кайыпов  Сузак районунун Ак-Тоок айылында 1952-жылы 15-июлда туулган. 1970-жылы Кыз-Көл орто мектебин аяктап, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүрүп, “Филолог. Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун Кыргыз ССРнин Мамлекеттик китеп палатасында библиограф, кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган. 1975–1978-жж. кыргыз адабияты жана фольклору боюнча макалаларды жарыялап, ал түзгөн “Эл ырчылары” аттуу китеби 1980-жылы “Кыргызмамбастан” басылып чыккан.

1985-жылы “Эр Төштүк” жомогунун көркөм сүрөттөө каражаттары (кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин божомолдорунун мисалында)” аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон.

Улуттук илимдер Академиясынын тил жана адбият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштеп, үч жылдан кийин СССРдин илимдер Академиясынын МаксимГорький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда стажер-изилдөөчү, бир жылдан кийин ошол эле институтта аспирантурада окуйт.

1985-жылы аспирантураны ийгиликтүү аяктап келип илимдер Академиясында улук илимий кызматкер, кол жазмалар бөлүмүн жетектейт. 

 1993-1995-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин түркология факультетинин деканы, кийинчерек биринчи проректорлук кызматтын аткарат. 

Чүй университетинин профессору болуп, кафедраны жетектейт. 1997-жылы Түркияга чакырылып, Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл (Йузунжу Йыл) университетинде он жыл профессор болуп иштеген.

2007-жылы «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору кызматын аркалаган.

Орус, түрк, өзбек, казак тилдеринде эркин сүйлөйт. Бул тилдерде бир нече монография, макалаларын жазган. Англис тилинде сүйлөй билет.

Сулайман Кайыпов Эки томдук «Кыргыз адабиятынын антологиясын» түзгөн. Анын «Кыргыз фольклору жана адабияты боюнча эмгектер» иши үчүн Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Сулайман Кайыпов Европанын ректорлор клубунун мүчөсү, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын ээси.

Байас Турал: “Улутту кармай турган адамдарды жоготуп алсак, эртең улут болбой калабыз”

Сулайман агайдын диссертациясы тууралуу замандашы, публицист, тарыхчы Байас Турал төмөнкүлөрдү айтып берди.

-Окумуштуу катары чоң окумуштуу, жаш кезинде кандидаттык диссертациясы “Эр төштүк” эпосу тууралуу болгон. Ошо эпосто кыргыздын алгачкы фольклордук окумуштуулардын бири катарында Төштүктүн эң байыркы архаикалык образдар системасын ачып, изилдеп чыккан. Кыргыз окурмандарга, илимий чөйрөгө аны тааныткан. Анын диссертациясы Орто Азиядагы чыгаан окумуштуу катары көрсөткөн. Тилекке каршы, бизде фольклор боюнча илимий кеңеш жок болгондуктан докторлук диссертациясын тарых-этнография боюнча Памирлик кыргыздардын тамак-ашы тууралуу жактады. Бул эми өтө укмуш эмгек. Кыргыздар унутуп калган тамак-ашынын түрлөрү боюнча өтө көп нерселерди берген.

Сулайман Кайыпов чоң инсан, чоң окумуштуу, улуттук интеллигенциянын алдыңкы,  өрнөктүү өкүлү. Адам катары өтө кичипейил, ак көңүл. Кыргыздын мыкты сапаттарын алып жүргөн, өзгөчө бир касиетке ээ инсан. Интеллигенцияны уютуп турган, түпкү маңызын ачып турган термин – улуттук интеллигенция деп аталат.

Бүгүнкү күнгө чейин улуттук интеллигенция калыптанбагандыктан көп кемчиликтер кетип жатат. Улуттук интеллигенция калыптанса, анын тегерегинде жалпы интеллигенция тегеренип ал улутту уютуп турат, мамлекетти бекемдеп, келечегин түзөт.  Улутту багыттап, кайсы тарапта кантип өнүгүү керектигин аныктайт. Ушундай улуттук интеллигенциянын мыкты өкүлүнүн бири Сулайман Кайыпов. Улуттук интеллигенция калыптанбаганы менен айрым өкүлдөрү бизде бар. Ошолорго карап эл түздөнөт. Ушул жагынан алганда Сулайман Кайыпов өзүнүн жүрүш-түрүшү, сүйлөгөн сөзү менен, ой жүгүртүүсү менен тегерегиндеги адамдарга үлгү болуп келет.

Адам мыкты адам, мыкты окумуштуу болушу мүмкүн, бирок мекенчил сезими күчтүү болбой калышы мүмкүн. Сулайман Кайыповдо дал ушул үч сапат тең бар, ал мекенчил уулдардын катарында. Бирок өз өлкөсүнөн иш таба албай, чет жакта жүргөнү абдан өкүнүчтүү.

 Бүгүн кытайлыктар аны чоң табылга катары кабылдап,  өзүлөрү шарт түзүп берип иштетип жатышат. Өз мыкты окумуштууларыбызды колдой албай, баалап-барктай албаганыбыз өтө өкүнүчтүү. Илимдүү адамдардын, интеллигенттердин башка өлкөгө кызмат кылып жатканына каңырыгым түтөйт.

Мамлекет өнөрлүү адистерге, таланттууларга жана окумуштууларга түздөн-түз камкор көрүшү керек. Ушул үч адамга кам көрбөгөн өлкө эч жерде өнүккөн эмес. Сулайман Кайыпов тууралуу өтө көп соз кылсак болот, илимий конференцияларды өткөрсөк болот. Силер туулган күнүнө карата чакан макала жазып, Кайыпов тууралуу учкай болсо да сөз кылып жатканыңыздарга ыраазычылык. Себеби улутту кармай турган адамдарды жоготуп алсак, эртең улут болбой калабыз.

Ал эми дагы бир замандашы Олжобай Каратаев болсо Сулайман Кайыповду кыргыз эли адабиятчы, прозачы, фольклорчу катары гана эмес тарыхчы катары да таанырын айтат.

“Профессор Сулайман Турдуевичти 40 жылдан бери билем. Ал адамды бир гана фольклорчу, адабиятчы, прозачы катары эмес, аны улуу инсан катары, тарыхчы катары дагы билип жатабыз. Тарых илимдеринин доктору болгонуна 4 жыл болду. Сулайман Кайыповду көп кырдуу талант, мыкты жетекчи, илимди уюштуруучу катары билебиз. Жеке инсан катары дагы кулк мүнөзү, адамгерчилиги ички жана сырткы маданияттуулугу дайыма көрүнүп турат.  

Түркияда 10 жылдан ашуун иштеп келди. Биздин көрүнүктүү окумуштуубузду чет өлкөлөр дагы жакшы тааныйт. Учурда Үрүмчү шаарында дарс окуп, профессор катары эмгектенип келе жатат. Ичимдин ачышканы таланттуу окумуштууларды, илимди, билим-берүүнү уюштурган мыкты адисти өзүбүздү Кыргызстанда иштете албай жатканыбызда. Бул абдан өкүндүрөт. Акыл эси, күч кубаты, илим-билими толуп турган Сулайман Кайыповду Кыргызстанда иштетсе эмнеге болбос эле?

Кыяс Молдокасымов: Бакайдай болгон даанышман агабыз өз Мекенине батпай четте жүрөт

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов болсо кыргыздын Бакайдай даанышман, таза инсаны мекенине батпай четте жүргөнүнө каңырыгы түтөрүн жазган.

“Сулайман акедей кыргызда таза жана мекенчил, мамлекетчил инсан жок. Бирок Сулайман акенин бир айыбы бар. Ал таза коомдо эмес, булганган коомдо жаралып калганы. Сулайман акенин Манас университетинин ректорлугунан кетишинин сыры тереңде. Ал али ачыла элек.

Сулайман аке 2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин маредорлордун куйругун басып алгандан улам кызматтан кол жууган. Анткени Манас көчөсүндөгү Манас университетинин Манас Ата салону деген чоң залы бар эле. Учурунда ал залды Жаныш Бакиев арачы болуп бир корейге тартып бермек болот Жогорку Сот аркылуу. Бирок Сулайман акенин катуу турганынан улам ал аны ишке ашыра алган эмес.

Бирок 7-апрелден кийин жалтыраган жерлер талоонго алынып, рейдерлик күчөгөндө, Манас Ата салонунун ээси болуп бир айым табылат. Ал эжесине айттырып, Жогорку Сот аркылуу Жаныш Бакиев батынбаган Манас университетинин мыйзамдуу Манас Ата салонун Манастын арбагынан коркпой тартып алат. Сулайман акенин күйбөгөн жери күл болуп, кайра тартпай соттошуусун, каршылыгын уланта берет. Анын бул кылыгы Манастын арбагын уруп койбогондорго жакпайт. Аны иштен кетирүүнүн өтө амалкөй жолун табышат. Манастын атын алып жүргөн университетти, болгондо да Акаев Түркияга бердиртпей, Кыргызстанга тийешелүү болсун деген университетти конокторго кармата берет, ректору түрк туугандардан болсун деген келишимди токуй коюшат.

Ошентип Сулайман акеден кутулушкан. Кутулгандан кийин да Кыргызстанда калышын каалашпайт. Ошентип Бакайдай болгон даанышман агабыз өз Мекенине батпай четте жүрөт. Сулайман акенин сыртта жүргөнүнүн төркүнү тереңде жатат. Ал жакында эле Үрүмчүдөн Бишкекке келип кетти. “Эми сыртта жүрө бербей Кыргызстанга эле жашабайсызбы?” – десек, “Мен илим менен эле алектенейин, иштегенге бир бөлмө бергилечи, өзүм эле ремонттотуп алайын да жыйнаган материалдарымды китеп кылып жазайын. Кыргызды туура жолго салууга болушунча аракеттенейин, акылымды өз өлкөм үчүн иштетейин десем, бир бөлмө ыраа көрүшпөдү. Менин акылыма, билимиме, тажрыйбама муктаж болгондор чакырып алышып иштетип жатышат” – дейт муңайып.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Нурзада 20 July, 2017 at 17:48 Жооп берүү

    Сулайман Кайыпов мыкты окумуштуу. Барына калыс караган адилеттуу адам. Бирок тегерегиндеги адамдар анын атын пайдаланып башкаларга зыян келтире беришет. Агайыбыз аны билбесе керек.

Пикир

төрт × төрт =