«Улуттар Биримдиги»: Таалай Таткулов мекенин өз жанындай көргөн патриоттуулугу, адамдык бийик сапаты менен өзгөчөлөнүп турган

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын саясий кеңеши, белгилүү мамлекеттик ишмер Таткулов Таалай Джумалыевичтин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Урматтуу мекендештер!

Кылымдардын кыйырын кырча басып келаткан кыргыздын тарыхында жеке тагдырынан журт намысын жогору койгон, өзүн көрпенделик турмуштан бийик туткан, элдин келечеги үчүн бүткүл өмүрүн арнаган адамдар арбын болгон.

Таалай Таткулов мына ушундай инсандарыбыздын бири эле. Ал өз ишинин мыкты адиси, мекенин өз жанындай көргөн патриоттуулугу, адилеттүүлүгү, адамдык бийик сапаты, жөнөкөйлүүлүгү  менен өзгөчөлөнүп турган.

Анын адамдарга калыс мамилесин, жеке жашоосундагы жупунулугун жана жогорку адамгерчилик касиеттерин баа жеткис үлгү катары эсептесек болот.

Таалай Таткуловдун  жаркын элеси замандаштарынын жана келечек муундун эсинде түбөлүккө калат.

“Улуттар Биримдиги” партиясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Таалай Джумалыевич, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын саясий кеңеши

Бөлүшүү:

Пикир

18 − эки =