Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө керек

Каганат.

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгы жөнүндө эскертет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына болгон салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Ошону менен бирге, транспорт салыгын төлөгөндөн кийин жарандар салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган, авто унаанын алдыңкы айнегине чаптала турган атайын чаптамаларды алуулары керек экендигин айта кетмекчибиз. Атайын чаптамалар бекер берилет.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 + он үч =