ВИЧ инфекциясын жыныстык жол менен жуктургандар көбөйүүдө

0

Каганат.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны жылына 10%га көбөйүүдө.

2017-жылдын 1-июнуна карата ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган 7427 адам катталган, алардын 7038и Кыргызстандын жарандары. ВИЧ инфекциясы менен катталган балдардын саны 595, СПИД менен жабыркагандардын саны 902.

Маалыматта бул илдет маңзатын колдонгондордун жана түрмөдө отургандардын арасында көп жайылып жатканы айтылат, ошондой эле жыныстык жол менен жуктуруп алгандар да жок эмес.

“Бул ооруну жыныстык жол менен жуктуруп алгандарын саны 2011-жылы 31% болсо, 2016-жылы 51%ды түзгөн.   ВИЧ менен негизинен эмгекке жарамдуу адамдар, 20-49 жаштагылар жабыркайт”,-деп жазылат маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − үч =