Афоризмдер: Туруктуу болгондун кажети аз, чынчыл болуш керек.

0

Каганат.

Менин китептерим – суу, генийлердики – шарап. Сууну болсо – ар бир адам ичет.
Марк ТВЕН.

Мыкты сынчы – мыкты жазуучу.
Абель ВИЛЬМЕН.

Падышалардын кулаганы – тыйынчалык, мен үчүн накты алаамат – дыйкандын өрткө кеткен үй-жайы.
Иоганн ГЁТЕ.

Сөз түгөнгөн жерде – музыка башталат.
Эрнест ГОФМАН.

Тоо үстүндө кумурскага да канат бүтөт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.

Туруктуу болгондун кажети аз, чынчыл болуш керек.
Ральф ЭМЕРСОН.

Уксун десең – кыйкырып айт, тыңшасын десең – шыбырап айт.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.

Ушакка унчукпасаң – өзү эле жаагы жап болот.
Публий ТАЦИТ.

Фашизм – бандиттер ойлоп тапкан алдамчылык, ага жан тарткан жазуучу кысыр калган дарактай.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ.

Чоң акындар чыгыш үчүн чоң аудитория керек.
Уолт УИТМЕН.

Чындык асыл таш сыңары, аны кооздоп, нурдантып сонундоонун эч кажети жок.
Джордж САНТАЯНА.

Чындык – ашыкпайт, анткени, анын басар жолу алыс.
Артур ШОПЕНГАУЭР.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 5 =