Атамбаев: “Эгер орусту жакшылап териштирсең, татар болуп чыгат…”

Каганат.

“Эгер орусту жакшылап териштирсең, татар болуп чыгат” деп Россияда жөн жерден айтылбаса керек. Бул тууралуу Атамбаев, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  өз демилгеси менен уюштурулган  “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна” катышып, сөз сүйлөп жатып билдирди.

Россия менен Кытайдын элдерин жөн жеринен алтай тилдүү тектеш элдерге  «кошкон» жокмун. Биздин элдирдин жалпы тарыхы, тыгыз маданий жана социалдык алака-катыштарынан сырткары аларды кандаш тууганчылык да бириктирет. “Эгер орусту жакшылап териштирсең, татар болуп чыгат” деп Россияда жөн жерден айтылбаса керек-деди Атамбаев.

Ошондой эле ал, Алтай элдери мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге жана камкордукка муктаж экенин, алар өз тилин, тарыхын, ата-бабаларын билүүгө акылуу экенин кошумчалады. Ошондой эле бул үчүн бардык шарт түзүлүшү керектигин, анткени, бул Россиянын имиджи экенин баса белгиледи.

 Ал үч жыл мурда Улуу Манаска жана Барсбек ханга эстелик тургузууга уруксат сурап кайрылганда Алтай республикасынын жана  Хакасия республикасынын жетекчилери баш тартышканын да унутта калтырган жок.

-Эмне үчүн ушундай болду? Анткени энесай кыргыздары –  алтайлыктар менен хакастарды  Ала-Тоо кыргыздарына каршы койгон бөлүп-жарган замандын кесепети азыр да калыптыр. Бул үчүн айрым советтик окумуштуулар ар кандай жалган илимий теорияларды да ойлоп чыгышкан.

Ошентип, илгерки замандын эски калдыктары – ишенбөөчүлүк, шектенүүчүлүк дагы эле жергиликтүү бийликтердин кабинеттеринде өкүм сүрүүдө. Тарыхтан жана тарыхый эстеликтерден коркпош керек. Маңкурттук менен тарыхты бурмалоодон коркуш керек-деди Атамбаев.

Бирок,  убагында өлкөбүздүн экинчи борборунда жайгашкан  дүйнөдөгү жалгыз Барсбек каганга арналган айкел менен Орто Азиядагы  Улан-Батордо орнотулган дүйнөдөгү эң чоң Чыңгызхандын эстелигинен кийинки эле бийиктиги экинчи орунда турган  Айкөл Манастын айкелинин  курулушу боюнча кылмыш иши козгоп жатканда Атамбаев маңкурттук менен тарыхты бурмалоону эмнеге  унутта калтырды болду экен деген суроо жаралбай койбойт.

Бул эки монументалдык комплекс тең Мелис Мырзакматовдун демилгеси менен курулгандыгы үчүн гана ичи таардык менен элибиздин карт тарыхын чагылдырып турган айкелдери жокко чыгаргысы келгенин, Атамбаев бүгун унутта калтыргысы келсе да тарых унутпасын элес албагандай. 

Экинчиден Атамбаев, Алтайга Айкөл Манастын айкелин курмакбыз деп ооз көптүрүүдөн  мурун борбор каалабыздагы Атамбаев жана анын командасы тургузган Манас бабабыздын сологой эстелигин оңдоп коюп анан кыйкырсын. Тарыхты маңкурттук менен бурмалоо мына ушундан башталат.

Ал эми дүйнѳдѳ Барсбек каганга арналган жалгыз эстелик бар. Ал кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Мелисбек Мырзакматовдун жеке демилгеси менен курулган.

Айкел Ош шаарындагы Г.Айтиев жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампа жолдун чок ортосунда жайгашкан. Бул Барсбек каганга арналган алгачкы эстелик.  

Барсбектин айкелинин жалпы узундугу – 18 метр, ал эми тегерегиндеги 4 баатырдын айкелдеринин бийиктиги – 3 метрден.

Барсбектин образын жараткан топ, жаштарды патриоттуулукка үндөө, кыргыз элин коргоого чакыруу максатын чагылдырган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =