Элдик пикир»: Сариев менен тең таймаша албагандар анын штабдарын өрттөп жатабы?

Каганат.

Президент болом деп көкүрөк каккандар эң биринчи өздөрү элге үлгү болуулары керек. Бул тууралуу окурманыбыз «Элдик пикир» рубрикасына билдирүү жазып калтырган.

Анда окурман Темир Сариевдин жер-жерлердеги ачылган штабдарынын белгисиз адамдар тарабынан өрттөлүп, талкаланып жатканына нааразычылыгын билдирип, президенттикке талапкерлерди мындай терс көрүнүштөргө чогуу күрөшүүгө чакырган.

“Ажолук так үчүн ат салышууну каалаган талапкерлердин ичинен Сариевдин камылгасы мыкты экени байкалууда. Буга бир далил катары президенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзамда каралган 30 миң адамдын колун чогултуу талабын Темир Сариев алгачкылардан болуп аткарган. Ал 30 миң эмес 60 миң кол чогултууга жетишип, БШКга тапшырган.

“Күлүктөн күлүк озсо төрт аягы тыпырайт” дегендей айрым «талапкерлер» Сариевдин өзү менен тең таймаша албай анын жер жерлерде ачылган штабдарын өрттөп, коркутуу менен алек болуп жатышканы чындыгында өкүнүчтүү.

Бирок, булут күндүн көзүн жаап кала албагандай эле, мындай терс көрүнүштөр элдин Сариевди колдоосуна бөгөт боло албайт деп айтсам жаңылышпайм. Буга далил катары бүгүнкү күндө анын аймактардагы штабдарына калың эл келип, өз каалоолору менен кол топтоого көмөктөшүп, Сариевди чечкиндүү, сөзүнө турган мекенчил инсан катары баалайбыз деп, ага чоң ишеним арта тургандарын билдирип жатышканын айтсак болот.

Чындыгында, кечээ Сариевдин штабын өрттөгөндөр, эртең дагы башка талапкердин штабын талкалабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Эң негизгиси Сариевдин штабдарын өрттөгөндөр, тескерисинче Темир мырзанын күчтүү атаандаш экенинен кабар берип, элдин Сариевге болгон ишенимин арттырууда.

Анткени, Сариев кыска мөөнөт өкмөт башчысы болсо дагы бир топ өлкөгө пайдалуу иштерди аткарууга жетишкени менен карапайым калктын эсинде калыптыр.

Мисалы, Ысык-Көл облусунун тургундары Сариевдин чечкиндүү түрдө Ысык-Көл жолун курууну баштаганына ыраазычылыктарын билдиришип, Балыкчы – Корумду жолун “Темирдин жолу” деп атап алышкан.

Ал эми Нарын облусунун тургундары Сариев өкмөт башчысы болуп турганда, Нарындагы бир топ эскилиги жеткен имараттар калыбына келтирилип, бир нече мектептердин курулушун убагында бүткөнү үчүн ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Мындай мисалдар чындыгында ондоп саналат.

Ошондуктан карапайым калктын өкүлү катары Ажолук так үчүн аламан байгеге ат салышчулар, адилеттүүлүктү туу тутуп, жеңилүү ызасын да татыктуу тартуулары керек деп ойлойм. Анткени президент болом деп көкүрөк каккандар эң биринчи өздөрү элге үлгү болуулары кажет”,-дейт окурман.

Т. Асылбеков, Өзгөн району

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

19 + үч =