Гречка кабыгынан жасалган жаздыктар Кыргызстанда

Каганат.

Күнүмдүк тамакка кеңири колдонулуп жүргөн гречка учурда Нарын облусунун Жумгал районунда өстүрүлө баштады. Аны жөн гана сатыкка чыгарбастан гречканын кабыгынан жаздык дагы жасалууда. Бул тууралуу ишкер Арстан Кадыров кенен айтып берди.

Гречка өстүрүү идеясы

Жумгал районунда көбүнчө буудай, арпа өстүрүлүп, бирок дыйкандардын эмгеги акталбай келгендиктен экономикалык жактан пайдалуу өсүмдүк өстүрүүнү ойлоп Арстан Кадыров интернетти, китептерди барактап чыккан. Натыйжада гречкага келип токтолгон. Алгач Таластан фасоль алып келип өстүрүп көрүшкөн. Бирок Жумгалда фасолду өстүрүү бир топ оорчулук жараткан. Биринчиден техника керек болсо, экинчиден түшүмдүн баарын мал жеп кеткен. Ошентип буудай, арпадан сырткары гречка өстүрүү идеясы келип чыккан. Бул өсүмдүк өтө ысыкты жана өтө муздакты сүйбөйт, ал +18 градустан +28 градуска чейинки температурада жакшы түшүм берет. Жумгалдын климаттык шарты гречка үчүн абдан ыңгайлуу.

Гречканы кантип багуу керек?

Гречканы багуу кадимки эле буудайды багууга окшош экенин айтат Арстан мырза. Аны сээп, малалайт. Гречка үч жолу сугарылат: кара сугат, желке сугат, дан сугат. 75 күндө гречка бышат. Бир сабакта үч процесс жүрөт. Алды гүлдөп атса, ортосу дан байлап, үстү бышып калат. Алгач дандын баары толук бышканын күтүп жатып, дандар күбүлүп түшүп ишкер бир топ чыгымга учураган. Андан соң агрономдордон кеңеш алып, атайын китептерди окуп талаанын 75 пайызы кызарса, демек гречканы чабууга убакыт келгендигинин белгиси экенин түшүнгөн. Гречканы кадимки комбайн менен эле чаап алышат.

Кадимки гречканы алуу оңойго турбайт

Гречканын данын алуу процесси бир топ татаал. Себеби жаңы чабылган гречканын кабыгы болгондуктан анын данын алып, кабыгынан ажыратуу зарыл. Ал үчүн 3 этаптуу технологиялык процесстен өтөт. Аны алгач парагенератордо 250 градус ысыкта бууга бышырат. Ошондо гана катуу кармаса упуранып калчу гречка даны катыйт. Андан соң анын нымдуулугун кургатуу үчүн куурушат. Кийинки кадамда аны жаргылчакка салышат, ошол учурда  кабыгы менен даны ажырайт. Эми данды алуу үчүн атайын станокторго салышат. Ушундан кийин гана кадимки биз көрүп жүргөн гречка пайда болот.

Гречканын кабыгы текке кетпей, андан жаздык жасалат

Гречканын ажыратылган кабыктары буудан өтүп, куурулуп жатып бир топ тазарат. Демек аны жөн гана таштанды катары кароо туура эмес экенин түшүнгөн Арстан Кадыров андан жаздык чыгарууну пландайт. Натыйжада Айбек, Абдулла аттуу ишкерлер менен бирге “ЭКО-СОНун” деп аталган компания түзүшүп, жаздык чыгара башташат. Мындан сырткары атайын чакан төшөктөр дагы чыгарылат.  Өлчөмү 40х60 болгон жаздыкка 2 кг 200 грамм кабык салынат. Ал эми отургучтарга жасалган төшөккө болсо 1 килограмм. Жаздык эки кабат кездемеден тургандыктан сыртын алып жууп колдонуу оңой. Колдонуу мөөнөтү 3-5 жыл. Жаздык баасы (40х60) – 600 сом, 30х50 өлчөмүндөгүсү – 400 сом болсо, отургучка жасалган төшөктүн баасы – 500 сом. Буйрутма берүүнү каалагандар төмөнкү номер аркылуу байланышса болот: 0706 63-79-79, 0557 63-79-79

Гречка жаздыгынын пайдасы

-Микромассаж кылат;

-Остеохондроз оорусунун алдын алат;

-Төшөктө жатып ооруп калган адамдын кан жүгүртүүсүн жакшыртат;

-Баш оорунун алдын алат;

-Гемморойдун алдын алат;

-Аллергия менен жабыркагандарга сунушталат;

-Простатит оорусунун алдын алат.

 

Кыргыз гречкасына башка өлкөлөр кызыга баштады

Гречка Жумгал районунда өстүрүлүп жатканына 3 гана жыл болгонуна карабастан, чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун арттыра баштаган. Түштүк Кореянын “Dasan”  компаниясы чогу иштешүүнү сунуштап, эксперимент үчүн атайын 10 гектар жерге гречка айдалган. Себеби аталган мамлекет дагы гречканы көп колдонот. Алар данды майдалап, унга кошуп нан жасашат. Мындан сырткары гречканы, анын жалбырагын кошуп чай дагы даярдашат. Ошондой эле радиациянын кесепетин жоюу касиетине ээ болгон бул данды  Түштүк Корея менен  Япония тамакка көп колдонушат. Мындан сырткары гречка топуракты эс алдырып, жердин арыктоосунун алдын алат.

Келечекке пландар

Жылына Кыргызстанга Орусиядан жана Казакстандан 10 миң тонна гречка импорттолот. Кыргыз ишкерлери келечекте Кыргызстанды кыргыз гречкалары менен камсыз кылууну максат кылышкан. Буудай менен арпанын баасы килограммына 12 сомдон ашпай жаткан маалда, гречканын жаңы чабылганы 20 сомдон болот. Ошондуктан бул данды өстүрүү бир топ пайдалуу болмок дейт Арстан мырза. Эми Жумгал районунда гана эмес, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы сыяктуу райондордо дагы айдоо аянттарын көбөйтүү келечек планда. Ошондой эле ишкерлер гречканын кабыгынан жасалган жаздык, төшөктөрдөн сырткары матрац жасоону да колго алышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × эки =