Атамбаев “илинчек” таппаган Илмияновдун “маңдай тер айлыгына” жасаган миллиарддык бизнестери

Каганат.

Бүгүн, 24-июлда Чолпон Атада өтүп жаткан Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында журналисттер анын мурдагы айдоочусу Икрмажан Илмиянов кантип эң бай 100 адамдын катарына киргенине кызыгышты эле. 

“Икрамжанды канчалык казсаңар да эч нерсе таппайсыңар. Андан эч бир илинчек таппайсыңар, мен буга ишенем. Эмне, айдоочулардын баары жаманбы?. Мен ага “сенин ордуңда болсом шофёрлордун партиясын ачып, шайлоого катышмакмын” дедим”, – деди Атамбаев.

Айтылуу айдоочусу жөнүндө илинчек эле эмес, шоопур-чиновниктин миллиондорду айланткан бизнестери жөнүндө казбай эле таапсак,  Атамбаевдин чара көрүүгө кудрети жетеби? Жок! Териштирүү колунан келбегендиктен илинчек таппасын да жакшы билебиз. Бирок, бул убактылууча гана анткени, убакыт келет бир күн Атамбаевдин айдоочусуна эле эмес, Атамбаевдин өзүнө кылмыш ишин ачкан жүрөктүүлөр чыгат. Бул көрүнүшкө эч ким да таң калбайт анткени, жараткандын аш койсоң ашыңды, таш койсоң ташыңды аласың деген жазылбаган мыйзамы, биз каалайбызбы, каалабайбызбы баары бир бир күнү ишке ашып баштайт.

Негизи эле Атамбаев жемкорлук менен тандалма күрөш жүргүзүп келатканына мына 6 жыл болду. Ар дайым саясий каршылаштарын «жалаң айлык менен мынча байлык топтой алмак эмес» деп укук коргоо органдарына «кандай кылыш керектигине» багыт берип, сотторго каалагандай өкүмдөрдү чыгартып келет.

Азыркы маалда КСДП партиясынан башкаларды «бул өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келатса, айлыгына ушунча мал-мүлк топтоого мүмкүн эмес, мамлекеттин казынасынан уурдап алган» деп жеке гипотезасына таянып, прокуратуранын иликтөөсүнө, соттун чечимине чейин эле «күнөөлүү» кылып коюшат.

Буга алыска барбай эле Ахматбек Келдибековду, Өмүрбек Текебаевдерди мисал катары айтсак болот. Мындай мисалдар ондоп саналат. Бирок, Ажобуз «ѳзүң үйдүңдүн эшигин шыпырбай туруп, кошунаңдын чатырын чѳп басты» деген макалды кѳңүл сыртынан тыш калтыргандай. Болбосо, өзүнүн колтугундагы мурунку шоопуру Икрамжан Илмияновдун «карандай айлыкка» топтоп жаткан миллиарддаган оокатын «көрбөй» келатканы кызык.

2010-жылга чейин шоопур болуп, андан бери мамлекеттик кызматта иштеп келаткан Илмияновдун учурда жасап жаткан иштеринин масштабына катардагы жарандын кыял чабыты да жетпейт. Ошол кечээги шоопур, мурда-кийин эч кандай бизнеси болбогон Илмиянов 2010-жылдан кийин илбирс секирик жасап, Кыргызстандагы эң бай миллионерлердин катарына кошулушу ак мээнет аркылуу келдиби?

 Шоопурдун тапканы, андан кийин Акүйдөгү чиновниктин айлыгы менен миллиондогон жашылбайларды сапырган ири бизнестерди, эл аралык деңгээлдеги, чет элдеги ишканаларды курууга жетеби? 

Шоопур-чиновниктин миллиондорду айланткан бизнестеринин бир тамчысын айта кетели.

1. Эл арасында көрүмдүүлүгү бир топ болуп калган 7-каналды («Канал D» ЖЧКсы) Ташиевдер былтыркы парламенттик шайлоодон кийин, тагыраагы 2015-жылдын 25-ноябрында Икрамжан Илмияновго (өкүл баласына) расмий өткөрүп берген. Телевидениени азыркы формалдуу учредители жана жетекчиси Илмияновдун жакын адамдарынын бири, мурунку «наабайчы», азыркы КСДПчы Туманбаев Каныбек Турганбекович.

Учурда бул телевидениеге Илмиянов миллиондогон каражаттарды салып, материалдык-техникалык базасын күчөтүп жатат. 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдык. Ал жакты Икрамжандын атынан Мамасадык Багышов деген «креативдүү медиа менеджер» тейлейт. Камчыбек Ташиев болсо 7-каналды Илмияновго «саткандан» кийин, ордуна 2015-жылдын 17-декабрында кайра эле «7-канал телерадиокомпаниясы» ЖЧКсын түзүп алган. Түзүүчүсү Ташиев Казыбек Кыдыршаевич, жетекчиси Анарбаев Залкар Касымбекович. 

2. Бир кездери чыркыраган чындыкты чаңырып жазып турган «Учур» гезити да учурда И.Илмияновго таандык. Гезиттин бир кездеги ээси Асланбек Сартбаевден тартып алгандан кийин аты бар «заты жок» адамдарга каттатып, сандыкка катып койгон. Керек учурда чыгарат, болбосо куушканга кыпчылбай көздөн арыраак тура турсун деген ниет. Гезитти «тартып» алууда отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн «Раим миллиондун» салымы зор болгондугун ММКлар жазып жүрүшөт.

 Икрам менен Раимдин ымаласын бийлик жана акча ысытып турат. «Раим миллиондун» колу менен бажыда «агып» жаткан каржы агымы Икрамдын чөнтөгү аркылуу Атамбаевдин кулкунуна куюп турганы маалымат булактарында айтып-делип келатат. Бажыдагы кадр иштеринде да Раим аркылуу Икрамдын таасири зор, жылына ондогон «өз адамдарын» бажы тармагына жайгаштырып турат. 

3. Икрамжан Илмияновдун Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объекттерди куруп саткан ири курулуш бизнеси да бар. «БКС курулуш фирмасы» деп аталган курулуш компаниясы бар. Бул компаниянын да формалдуу түзүүчүсү жана директору жогоруда 7-каналга «ээлик» кылган «наабайчы» Туманбаев Каныбек.

К.Туманбаев

Компаниянын башчысы К.Туманбаев 35 жашта, Жалал-Абаттын Аксы районунан, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП партиясынын тизмесинде 66-сапта катышты. Кичимекени Аксыдан кыйратып добуш ала албаса да тизме аркылуу Жоорку Кеңешке ана-мына келгени турат. Туманбаевдин Бишкекте наабай нан жаап жүрүп эле, анан кандайча «шоопурдун» оң колу болуп чыга келгендиги тууралуу өзүнчө узун кеп болот.

Ал эми «БКСтын» дагы бир түзүүчүсү Камалов Нурланбек Бахридинович Оштун өзбек тектүү тургуну. Бир агасы Камолов Илхом Бахридинович 2012-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоого «Ата-Мекен» партиясынан катышкан. Башка бир тууганы Камолов Хуснуддин Бахридинович ишкер, 2010-жылдагы тополоңдо чыгым тарткан деп мамлекеттен жардам каражат алып жүргөн. Нурланбек Камаловдун Лейлектеги белгилүү «наркобарон», көмүскөдөгү «серый кардиналы», Исфана өзбектеринин анабашчысы, Илмияновдун жакын адамы Шухрат Камалов менен кандай байланышы бардыгы азырынча белгисиз, бирок, такталып жатат. 

«БКС» компаниясы Бишкектин Тынчтык проспектиси 97/4 дарегинде (Түштүк магистраль менен кесилишинде) заманбап кеңселери, соода түйүндөрү жана парковкасы менен көп кабаттуу элиталык турак жай комплексин куруп, былтыр эксплуатацияга берди. Имарат таза абалуу, элиталык деген райондо, «Акун» турак-жай комплекси менен «Биор» комплексинин ортосунда орун алып, 10 кабаттан турат. Бир кездери ар кимден карыздап Ак-Өргө жаңы конушунан жер алып, чала-була кылып чакан тамды араң салып жүргөн Икрамжан учурда борбор калаанын элиталык райондорунда жер тилкелерин алып, көк тиреген курулуштарды жүргүзүп калган. 

4. Сокулук районунун Фрунзе совхозундагы Конзавод айылында зоот букаларды баккан фермасы бар. Ал жердеги бир нече ондогон букаларды бир тууган карындашы Илмиянова Айбарчын үй-бүлөсү менен тейлейт. Ал жакта бир нече кымбат баалуу аргымак аттары да бар, бат-баттан каттап ат чаап, жорго салдырып турат.

 Бакиев кезинде Орто-Сай базарында эт чаап жан багып жүргөн Икрамжан Илмиянов Атамбаев заманында зоот букаларды баккан, аргымактарды таптаган бакыйган ферманын кожоюну болуп отурат.

5.. Туулган айылы Катыраңдын жайлоолорунда 40-50 топоздору бар. Аларга иниси Искендер баш-көз. Искендер Лейлек райондук салык башкармалыгында жооптуу кызматты аркалайт. Шоопур кезинде саап ичер ую жок Икрамжан минтип 6 жылда килейген топоз ферма да түзүп алган. Шоопур-миллионердин Чүй-Белинский көчөсүндөгү элиталык батирин, Д.Садырбаев-Түштүк магистраль көчөсүндөгү ресторанын, Түркия, Европадагы кыймылсыз мүлктөрүн жана башка расмий декларацияга кирбеген оокаттарын эсепке кошпой туралы.

Мындай миллиарддарды айланткан бизнес куроо үчүн шоопур же мамлекеттик кызматкер канча жылдап уйку бетин көрбөй иштеши керек? Ушулардын баары маңдай тер менен табылган акчага жасалган дегенге ким ишенет? Икрамжан Илмиянов бизнесте ушинтип көп кырдуулукка басым жасап, «маңдай тери» менен тапкан жашылбайларын ар башка тармакка диверсификациялап келет.

Медиа магнат десе да болот, куруштагы, мал чарбачылыгындагы, ресто-бизнестеги «ийгиликтери» учурдагы кризиске моюн бербейт. Анткени, башкысы, Ак үйдүн акчалар кадимкидей аккан кадр тармагындагы рычагы колунда. Ал эми Атамбаев жемкорлорду алыстан издеп дүрбү кармаганы менен колтугундагы болуп жаткан бака-шака «сооданы» көрбөйт. Ал үчүн эң алды өзү таза болушу керек эмеспи, кандай дейсиз Алмазбек Шаршенович…

 Булак: «Каганат»

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

үч × төрт =