Шайлоо-2017: “Баңгилер” башчы болгусу келгенде …

Каганат.

Ушул жылдын 15- октябрь күнү Кыргызстан жаңы өлкө башчысын шайлайт. Бүгүнкү күнгө карата Ажолукка ат салышам дегендердин саны 37 адамга жетти. Ал президент болом деген амбициясы барлар ушул жылдын 1-августуна чейин өз арыздарын БШКна тапшыра алат.

KAGANAT.KG аламан байгеде ат салышам деген жарандарыбыздын чама-чаркына, дараметтерине үстүртөн көз кырын салып көрдү. Төмөндө талапкер, анда тандоо сизде болсун окурман.

Ажо болом деген амбициясы менен БШК арыз тапшыргандар

  1. Темир Сариев,“Ак шумкар” партиясынын лидери;
  2. Бакыт Төрөбаев,Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери;
  3. Турсунбек Акун, “Адам укугу” партияcынын лидери;
  4. Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери;
  5. Сооронбай Жээнбеков, КСДП партиясынын өкүлү;
  6. Камчыбек Ташиев, “Ата Журт” партиясынын лидери;
  7. Акматбек Келдибеков, “Ата Журт” партиясынын лидери.
  8. Назарбек Нышанов,“Лига-антикризис” борборунун төрагасы;
  9. Өмүрбек Текебаев,Жогорку Кеңештин депутаты;
  10. Арстанбек Абдылдаев,“Аурдин” ишканасынын директору;
  11. Турсунбай Бакир уулу,Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
  12. Рита Карасартова,“Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;
  13. Бакыт Дегенбаев,Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
  14. Сайнидин Султанидинов,Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;
  15. Камила Шаршекеева,Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;
  16. Таалатбек Масадыков,эл аралык эксперт;
  17. Өмүрбек Бабанов,Жогорку Кеңештин депутаты;
  18. Замира Муратбекова, пенсионер;
  19. Санжарбек Энназаров, убактылуу жумушу жок;
  20. Сагынбек Абдрахманов, “Сүймөнкул Чокморов” атындагы коомдук фонддун төрагасы;
  21. Мукар Чолпонбаев, “Мукар жана профи” юридикалык мекемесинде жактоочу;
  22. Кубан Чороев, “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” коомдук фондунун төрагасы;
  23. Анвар Сартаев, пенсионер;
  24. Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты;
  25. Куттубек Бешбаков, “Империал Девелопмент” компаниясынын башкы директору;
  26. Игорь Трофимов, “Сергий Радонежский жана “Айкөл Манас” атындагы укук коргоо борбору” компаниясынын башкы директору;
  27. Максатбек Жумабеков, убактылуу жумушу жок;
  28. Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти;
  29. Руслан Жунусов, “Шматрица” ЖЧКсынын башчысы;
  30. Шерикул уулу Мирлан;
  31. Арсланбек Малиев, “Аалам” партиясынын лидери;
  32. Азимбек Бекназаров, мурдагы башкы прокурор;
  33. Токтобүбү Таласбаева,”Улуу чындык” коомдук фондунун башчысы;
  34. Дамира Токтосунова, ЖЧКлардын биринде консультант болуп иштейт;
  35. Садыр Жапаров, экс-депутат;
  36. Токтайым Үмөталиева, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы;
  37. Алмазбек Каримов, “ЮТС” ТРКнын башкы директору.

37 талапкердин ичинен 16 талапкер саясий партиялардын  төрагасы болуп саналат. Бул шайлоого 30 талапкер  өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанса, 7 талапкер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн.

Талапкерлердин эң улуусу Мукар Чолпонбаев (29.03.1950-жылы төрөлгөн) 67 жашка чыкса, эң жашы Куттубек Бешбаков (12.02.1985-жылы төрөлгөн) араң гана 32 жашка толгон.

Билим деңгээлдери

37 талапкердин 31 жогорку билимге ээ болсо 2 талапкер орто билимге, 2 талапкер толук эмес жогорку билимге ээ. Ал эми 2 талапкердин билим деңгээли боюнча азырынча так маалымат жок.

Ал эми  37 талапкердин 15 юрист кесибине ээ болсо, 11 экономист деген дипломго ээ. Ал эми 3 талапкер медик, журналист, архитектор кесибинин ээлери болсо, бир талапкер, Ат-Башы районундагы №32 СПТУну  гана аяктаган.

Ажо болгусу келген айымдардын бири чет тилдер мугалими болсо, бири башталгыч класстардын мугалими кесибинин ээси.

Дагы бир талапкер  Санкт-Петербург шаарындагы, жогорку аскер инженердик байланыш училищесин аяктаса, бири Лениниград шаарындагы жогорку зениттик-ракеталык командалык училищени аяктаган.

Ханайым болгусу келген айымдар

Ажолукка аттанган 37 талапкердин 6 айымдар. Алар,

Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;

Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;

Замира Муратбекова, пенсионер;

Токтобүбү Таласбаева, “Улуу чындык” коомдук фондунун башчысы;

Дамира Токтосунова, ЖЧКлардын биринде консультант болуп иштейт;

Токтайым Үмөталиева, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы.

Абакта жатып Ажо болгусу келгендер

Ажолук так үчүн абакта жатып ат салышкысы келгендер да жок эмес. Алар:

Игорь Трофимов

Куттубек Бешбаков

Президенттикке талапкерлигин койгондордун арасында “Сергей Радонежский жана “Айкөл Манас” атындагы укук коргоо борбору” компаниясынын башкы директору Игорь Трофимов бар.

Трофимовго үстүбүздөгү жылы Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча (Улуттук,  расалык  диний  же  регион  аралык кастыкты козутуу) кылмыш иши козголгон. Ал 25-майда Бишкектен кармалган болчу. Активист кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүп жатканы да айтылган. Учурда ал СИЗОдо камакта жаткан маалы. 

Өлкөнү башкарам деп төш каккан Игорь Трофимов 2011-жылы эле президенттикке талапкерлигин койгон, андан соң 2013-жылы Акыйкатчылыкка дагы ат салышкан болчу.

Куттубек Бешбаков

Ызы-чуунун так ортосунда калып, далай адамдардын көз жашын төктүргөн Куттубек Бешбаков дагы өлкө башкарам деп камданып жаткан кези. Ал 2014-жылы жарандык никедеги аялы – «Ипар-Строй» компаниясынын жетекчиси Хуршида Смаилова менен бирге ызы-чууга кабылышкан.

Алар “Алдамчылык”, “Ишенип берилген мүлктү жок кылуу”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөрлөрдү, бланкаларды жасоо, даярдоо, сатуу же пайдалануу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталышкан.

Учурда БШКнын маалыматына ылайык,  “Империал Девелопмент” компаниясынын башкы директору делинген  Куттубек Бешбаков СИЗОдо камакта жатканы белгилүү болду.

“Баңгилер” башчы болгусу келгенде…

Мирлан Шеркул уулу

Дагы бир талапкер Мирлан Шеркул уулу дагы соттолгондордун катарында. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси боюнча (Баңги   каражаттарын, психотроптук заттарды башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо,  сатып алуу, сактоо, ташуу, жайылтуу) айып тагылганы дагы белгилүү.

Учурда президент болом деп так ээлөөнү каалаган 1971-жылы туулган Мирлан мырза эмне менен алек болуп жүргөнү белгисиз.

ИИМ издөө салгандар…

“Лига-антикризис” борборунун төрагасы, «Кыргызстан патриоттук» партиясынын жетекчиси болгон Нышанов дагы абакта 3 жыл жатып чыккан. 

Нышановдун багы 2010-жылдан кийин ачылган.  Ал Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн сындоо менен калың элдин катмарына таанылууга аракети күч болгон.

2012-жылы «Таза оппозициялык күч» деген кыймыл түптөөгө жетишкен. Бирок бул кыймыл коомчулукка өзүн-өзү тааныта алган эмес.

Эң өкүнүчтүүсү өзүн өлкө башчысы болууга татыктуу деп санаган Назарбек Нышановго Ички иштер министрлиги 2007-жылы ири суммадагы акча уурдаган деген айып менен издөөдө жүргөнүн жарыялаган.

Ал эми Нышанов абакта жаткан жылдарын Бакиевдин куугунтуктоосу деп сыпаттаганга үлгүрдү.

Азербайжан алдамчы дегендер Кыргызстанга Ажо болгусу келеби?

Кылым карыткан кыргыз элин башкарам деп чыккандардын катарында азер улутундагы Кыргызстандын жараны да бар. Ал Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Нусрет Муса-Оглы Мамедов. Мамедовдун көйнөгү дагы “алдамчы” деп жаман жеринен жыртылганын Кыргызстандын гана эмес Азербайжандын басылмалары да жазып чыккан. 

Тактап айтсак, Азербайжандын жараны Ройя Османова ар кандай уюмдарга арыз менен кайрылып, Мамедов аны алдап кеткенин билдирген. Османованын айтымында, социалдык түйүндөр аркылуу ал Нусрет Мамедов менен таанышкан. Мамедов болсо Краснодарда окуп жүргөн кызды азгырып, фондунун эсебинен Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын бирине тапшырууну сунуштаган. Ишенчээк кыз Бишкекке келип, бирок алданып калганын түшүнгөн. Анысы аз келгенсип Мамедов ага тийишип, жаман сөздөрдү дагы айтканга жетишкен.

Бишкекке Гейдар Алиев атындагы сейил бак курам деп, эки өлкөнү бирдей алдагысы келген бул жаран бүгүнкү күндө  “жаман үйдү коногу бийлейт” деген сөздүн чындыгын далилдейм деп убара.

Бекерпоздор:

Президенттик так үчүн ат салышам деп БШК арыз таштаган талапкерлердин ичинде «бекерпоздор» да жок эмес. Алар:

  1. Максатбек Жумабеков, убактылуу жумушу жок;
  2. Санжарбек Энназаров, убактылуу жумушу жок;

2012-жылы Ак үйдүн айланасындагы тосмону алып салуу керек деген пикири менен элге азын-оолак таанылган Максат Жумабеков дагы президенттикке талапкерлигин коюуда. БШКнын маалыматында Максат мырза учурда жумушсуз экени жазылат бирок ага карабастан ажодон так талашып турган кези.

“Айдаганы 5 эчки, ышкырыгы таш жарат” дегендей президент болом дегендердин катарында Энназаров Санжарбек дагы бар. БШК Энназаров дагы убактылуу жумушсуз экенин билдирген. Бул мырзаны көпчүлүгү ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу катары тааныйт.

Кантсе да, аялынын арты менен шоу-бизнеске аралашып жүргө адам катары бул мырзабыз азырынча массалык маалымат каражаттарына Ажолукка аттанып жатам деп өзүн-өзү пиарлаганга да жетишип жатат.

 Жаманды коногу бийлет деп «ойлогондор»

Нусрет Муса-Оглы Мамедов

Игорь Трофимов

Көзү ачыктан Ажолукка аттангандар:

Кудайды «курдаш» кылып, ааламдын аяндарын чечип жүрөбүз деген топтун мүчөлөрү дагы бул шайлоодо четте карап турбасын билдиришип, Ажолукка ат салышууга ашыгышты. Алар:

Арстанбек Абдылдаев,“Аурдин” ишканасынын директору.

Замира Муратбекова, пенсионер.

«Кыш болбойт», «Алтын доор башталат», «Путин – адамзаттын сактоочусу, ал татаал биоробот» деген айтылуу «Зима не будет» каймана атка ээ Арстанбек Абдылдаев өзүн «касиеттүү» адамдардын катарына кошот. Ал, 

Адам жаралганда бир кызмат үчүн жаралат экен. Мен да жашоодогу милдетимди аткаруу үчүн ушул жыйынтыкка келдим. Анын тарыхы мындай болгон. 1998-жылы Алайдагы Көр-Булак айылынан Зульфия деген энеге (менден кичүү, бирок  касиетин  баалап  эне  деп  коём). 

Адам ата көрүнүп, ага «Келечектин мыйзамын» жаздырган. Андан бери бул илим боюнча 8 китеп жарык көрдү. Акаев менен Бакиевге да бул китептерди тартуулашкан. Алар көңүл да бурушкан жок. Мени ырчы Сонунбүбү Кадырова 2010-жылы Алайга, Зульфия энеге алып барды. Мага чейин ал Баяман Эркинбаевди, Урмат Барыктабасовду, Дастан Сарыгуловду алып барыптыр. Бирок алар бул илимди толук түшүнгөн эмес экен. 

«Илимди ачыкка алып чыгуучу касиеттүү адам» деп алар мени кабылдашты. 

Арстан Алай ошол көктөн түшкөн ысым, аны мен көтөрбөй, билбей жүргөн кезде кырсыктадым, кыйналдым –дейт.

Өзүн касиеттүү адамдардын катарына кошкон Арстан Алайдын «Зима не будеттен» башка «өзгөчө» касиетин кыргыз эли азырынча сезе элек.

Ал эми ардагер Замира Муратбекованын айтканына таянсак, «ушундай Зор Илимге Ээ болуп, Алтын Доордун программасын билип туруп,Эл-Жериме жардам бербей, отура бергеним Чыккынчылык болот»-деп Ажолукка ат салышмай болгон. Ал бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына мындай деп жарыялайт.

«Кереметтер! Куттуу Кыргыз Эл КӨЧ башында Күндөй жанды! Кыргыздын Улуулугун БҮТ ДҮЙНӨ билет! Тарбия таалим берген Үлгүлүү Эл болобуз! Жол Ачылды! Алтын Доорго өтөлү! Элди Жерди алып өтөлү!

Кыргызстандын Президенти болгонго талапкер болуп катталдым! Элдин бактысына мен, пенсионер болуп калып, жашоого каражат издебей, Мээм, Оюм менен көр оокатка жармашпай, Руханий Илим алганга шартым жакшы болду!?..

Ошон үчүн, ушундай Зор Илимге Ээ болуп, Алтын Доордун программасын билип туруп, эл-жериме жардам бербей, отура бергеним Чыккынчылык болот, деп, мен дагы ТАЛАПКЕР болдум!!!

Анын үстүнө дагы, “Алган Илимиңдин гүл Азыгын Элге бер”! деген буйруктар түшө баштады, Ата-Бабалардан.Бирок, төмөндөгү Аянды жакшылап окугула… Ошону үчүн, мага поддержка тээп, төмөндөгү счетко акчаңарды салып, кол топтой бергиле. Мен сиздерсиз О-мун! Бирок сиздер дагы, Менсиз жөн эле алачыксыңар, болуп калат! Өзүңөрдүн акылыңар азырынча, жетпейт, КӨЧ БАШЫ БОЛГОНГО!»

Көч башы болгонго башкалардын акылы жетпейт деп санаган Замира Муратбекованы кыргыз эли канчалык деңгээлде «акылдуу, көч башчы» санайт, анын жыйынтыгына жакында күбө болот чыгарбыз.

Ажолукка ат салышкан ардагерлер:

Замира Муратбекова, пенсионер;

Анвар Сартаев, пенсионер;

Жиндиканадан Ак үйгө…

2011-жылы Феликс Куловдун офисинде Марат Султанов, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Суваналиев, Дүйшөн Чотонов баштаган 15тей саясатчынын көзүнчө, Атамбаевдин бир кездеги айрылгыс досу, БШК мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун:

«Мен профессионал врач катары расмий билдирем Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Бири Алмазбек Атамбаев»-дегенин бир катар массалык маалымат каражаттары жарыялаган эле.

БШК мурдагы башчысы, анан калса өзүн «кесипкөй» адам айтып жатса, демек жиндиканадан түз эле Ак үйгө аттанса болот дегенби айтор, Орусиянын мурдагы президенти Медведевге «психиатриялык ооруканада күч менен дарылоодон өткөндөн кийин ага өз ишмердүүлүгүн улантууга бир аз жеңилдик болгонун” баяндап расмий кат жазган  Игорь Трофимов Ажолукка ат салышууга далаалаты күч.

  Элден акча үмүт кылгандар:

Рита Карасартова,“Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;

Турсунбек Акун, “Адам укугу” партияcынын лидери;

Замира Муратбекова, пенсионер

 Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы

Бир Жумада 20300 сом чогулткан Карасартова

Президенттикке талапкерлигин койгон алгачкы айым укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу элден акча сурап кайрылуу жасаган.

Анда: Урматтуу кыргыз элим кичинекей отчет берип коеюн дедим. Шайлоо фондусуна каражатты элден чогултам деген үмүт бар. Банктан счет ачканыма бир жума болуптур. Бир жуманын ичинде 20300 сом элден келиптир. Кийинки отчетторумда кимден түшкөнүн жазып берем”- деп жазылган.

Ошондой эле ал чогулган каражат үгүт иштерине жумшалаарын айткан.

5-10 сомдон жардам сураган Турсунбек Акун

«Артисттер, көчөдө жүргөндөр талапкерлигин коюп жатышат. Мисалы “Зима не будет” Арстанбек Алай талапкерлигин коюп алыптыр. Кээ бири жөн эле пиар үчүн БШКга арыз берип жатат”, -деп президенттик шайлоого баруунун баркы кетип жатканын нааразы болгон мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун үйүн күрөөгө коюп, президенттикке аттана турганын билдирип, 5-10сомдон чогултуп болсо да жардам берүүнү суранган.

“Азыр президенттикке, депутаттыкка жалаң байлар барат. Себеби миллиондогон күрөө коюшуң керек. Карапайым эл барса болбойбу? Мен үйүмдү күрөөгө койдум, келинчегим урушуп жатат.  Мен болсо силерден үмүттөнөм. 5-10 сомдон чогултуп жардам бергиле. Кайыр сурап жаткан жокмун. Аймактарды кыдырганда каражат керек болот да”, – дейт Турсунбек Акун.

Президент болоруна 100% кепилдик берген Муратбекова

Ал эми ардагер Замира Муратбекова, социалдык тармактар аркылуу жалпы журтка кайрылып, «өтпөй калса, акча күйүп кетеби деп ойлогондорго» 100% кепилдик берүүгө үлгүргөн.

«Алтын Доорго Өткөнгө Программасын тактап койдум! “Тез жасасак, тез болот!!!” Акча толуктаганды унутпагыла:

ОАО “Айыл Банк”Кыргызстан, . Бишкек ш., Пушкин к., № 50 (ЦУМдун артында, Батыш жагында) КР Президент талапкериМуратбекова Замира Абдыкеримовнанын (Спецсчетун толуктоого деп жазыш керек экен) № 1350102013225532 KGS (паспорт дагы болуш керек)

“Ушунча эле, өтпөй калса, акча күйүп кетеби деп ойлогондорго айтам: Сиздер салган каражатты список менен кайтарып берем. Мен Элди кыдырып, агитация кылбайм: “мени шайлап койгула”, деп. Акча коротпойм! Учуру келгенде, Теле, радиодон эле жарыялап коем.

Бирок! Мен өтөм. Президент КР менмин! Анткени, Алтын Доор баарыбызга керек! Программасы – менде!»-дейт Муратбекова

Жамбылдын капчыгына «кайдыгер» карабаган Нышанов 

“Эмне олигархтар, чириген байлар эле өлкөнү башкарышы керекпи? Эгерде мени колдоп көпчүлүк добуш беришсе кыргыз өлкөсү утушка ээ болмок. Анткени мен карапайым элдин кантип жашап жатканын жакындан билем. Демек, президент болсом оболу жай турмуштагы элдин жашоосун байлардыкына теңештирүүгө аракет жасамакмын”,- деген Нышанов дагы Ажолукка аттануу үчүн карапайым калктын акча «үмүт» эткендердин катарын толуктайт.

“Жоктун жону катуу. Антсе да менин ачкан эсебиме мага кайдыгер эместер акчасын аябай салат деп ишенем. Ага чейин ыктыярдуу адамдарды каттоодон өткөрүп ишти алдыга жылдыра берем. Менин ишеничим жөнөкөй эле жарандарда.

Жамбыл болсо жарамазанды базарларда ырдап жүрүп дөндөйүп алды. Ким билет, балким ал акчасын короткусу келбей талапкерликке барбайт чыгар? Эмнеси болсо да мен акырына чейин күрөшөм,-дейт Нышанов.

Эрте учкан « турумтай»

Куттубек Бешбаков 32 жашта. Ал 1985-жылы 12-февралда жарык дүйнөгө келген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти болчу жаран 35 жаштан жогору 70 жаштан ашпаган Кыргыз Республикасынын жараны (62 берене  КР Конституциясы) болушу керек деген Баш мыйзамдын талабын Бешбаков барактап да көргөн эместей. Же абактан эртерек бошоп чыккысы келгенби, айтоор Башбаковдун бул үмүтүнө БШК жашы жетелектигине байланыштуу “суу септи”. 

Мына окурман, өлкө башчысы болом деп өрөпкүгөндөр. Биз азырынча эл-журтка кадыры эмес, калпы менен, иши менен эмес сөзү менен белгилүү болгондорду жана айтпай журтка аты да белгисиз болгон аламан байгеде ат салышам дегендердин өмүрүнө аз болсо да саресеп салып көрдүк. Кийинки макалабызда кыргызга аттын кашкасындай таанымал саясатчылардын, депутат, коомдук ишмерлердин бейнесине үңүлгөнгө аракет кылып көрөбүз.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × үч =