Сынган кылыч: Алмамбеттин өз башына бий болушу

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

Жаркын айымдын үйү, жасалгалуу кең бөлмө. Жаркын айым али каралуу, жанында Ош бегинин «эрке токол» катыны Курманжан. Жай, акырын сөз жөнөтүшүп отурушат. Ортодо дасторкон. Жаркын айым муңдуу:

— Мүйүздүү болобуз деп кулагынан ажыраган биз болдук. «Кан» болуп, минтип каныбыз төгүлүп отурабыз. Биздин көргөн күнүбүз ушу, бек айым… Курманжан:

— Көп кейий бербең эми, жарыктык. «Төгүлгөн кайра толбойт, кеткен кайра келбейт» дешет экен го. Мындан наркысын оң кылсын, кеткендин кемелтесин өзү толтурсун кудай, өзү даргөйүңдө сактасын эми… Жаркын айым:

— Бу ченелүү өмүр тынч өтсүн деген адамга «кандык», «чоңдук» дегендин такыр кереги жок экен. Бу мааниге зарделүү Курманжандын көңүлү ынанган жок.

«Коңулда жатып, тынч өлгөндүн касиети, куну эмне?!« деди ою. Жаркын айым:

— Жаңы аттанганда абдан сүйүнгөн элек, жалаң эле жыргал болот ко деп болжогон элек… Курманжан:

— Буга да шүгүр деңиз, канике, жаш да болсо баш болуп отурат бир уулуңуз! Жаркын айым мүңкүрөйт:

— Э-э, эми… шүгүр дебеске чарабыз да жок… Курманжан:

— Эрезеге жетсе, эсине толсо… эки тизгин бир чылбырын өз колуна беришер… Жаркын айым акырын улутунуп, бек айымын ийнинен өзүнө тарта кулагына шыбырады

— Кудай билет, сиңдим, кудай билет. Дагы канн төгүлмөйүнчө бир жаңсыл боло койбойт ко деп корком…

— Үшкүрөт.

— Кулагыңа түйүп кой, кагылайын, биз жактан кабардар боло жүргүлө, бекке айт…

Эки айым көздөрүн сүзө, былк этпей, кобыз күвүнүн сыйкырына арбалып, дем тарта албай калышкан таризде. Кобыз тарткан керилген бир көркөм кыз, те бир көөнө заманда ааламдан жер үйүк, адамдан жараткан менен өрүлүшкөн улук рух издеген, анын тереңине, туу чокусуна жетмекти көксөп өткөн Каркыт атадан калган керемет күүдү сызылтып отурат. Бири өрүк комузун, бири узун моюн дүтарин көкүрөктөрүнө кармашып, жанында дагы эки кыз бар.

Күү муң — бул дүйнөнүн көйүн, түйшүгүн, тилеги менен арманын, кейиши менен кубанычын, ыры менен ыйын бир коштоп, күү ыргагы түркүндөн түркүн кубулжуйт. Канике айым унчукпай, көз жашы төгүлүп отурат. Улагада дубалга сүйөнүп турган бейсакал, арман анын да көңүлүн козгогон, каникесин улам тиктеп, кемшиңдеп, кайгысына аралашып, өзүнчө үнсүз ыйлап турат. Күү этеги өксөгөндөй, коңур тарта, онтогондой, асыр өмүр арты бир боз туңгуюкка сөнгөндөй.

«О, опасыз дүйнө ай… эң акыры түпсүз чексиз муң дайра болуп агып өтмөкпү…» дегендей. Эми үкүлүү кундуз тебетей кийген кыз өрүк комузун күүлөп, кобыз муңуна кошо аккан эки айымдын көңүлүн алаксытып, шаңдуу комуз күвүн баштады. Күү токтоо ачылып, улам күчалып, мукамга мукам жалгашып, улам жаңырып, улам көтөрүңкү дүңгүр кагып, дөөлөткө мас Бек Арстан менен дымактуу сулуу Ак Мактым кыздын эрк салыштырган эрегишин баян этти. Курманжан көзү жайнап:

— А түзүк, —деп мактап койду, — те бир… өткөн заман келет көз алдыңа… Өктөм буудан жоргонун жүрүшү, үстүндөгү дүйнөгө карк болгон, дөөлөткө мас, алдын тоскон балээни тоотпой манчыркаган адамдын зардеси сезилет.. Эми дүтарчы кыз дүтар менен коштоп, алыска кеткен сүйгөн кишисин күткөн, күтө- күтө зарыккан келиндин сагыныч ырын ырдады. Жаркын айым үшкүрүп гана койду, Курманжан:

— Караң, — деди көңүлү эргий, — байкуш аял затынын көңүлү не деген айтып түгөткүс керемет?! Чанда эркек билсе билер, билбесе жок, кызылды көрсө кылтылдап жүрө бермей көрүнгөн жерде, аттиң ай!..

Чүкө ордо оюну бүткөн. Үч кайталанып туй тигилип ойнолуп, үчөвүндө тең туйга жетпей калышып, жаш хан баш болгон өнөк утулган. Миңбашынын эрке уулу Абдырахман баш болгон өнөк Ош бегинин чертмечили менен уткан. Байге сайган миңбашы эң оболу оюнчулардын ичинде наразылык бары-жогун сурап, эч бирөө наразы эмес экенин угуп, көңүлүн жайлап алган соң коюлган байгени бергизди. Байге башы миң дилде!

Уткан өнөк он оюнчуга жүздөн бөлүп, колмо-кол таратып чыкты казынабашы. Ар бирине бирден токулуу жорго, камчылары ээрлеринин кашына илинип коюлганы, миракырдын колунан алышары айтылды.

Уткан — утулганына каралбай жамы оюнчуларга бир жумалык үлпөт — күнүгө согум, күнүгө ыр- күү, күнүгө ар түркүн оюн! Бу дагы миңбашынын өз оозунан жария болунду. «Куп жакшы! — дешти баары.

— Жорго го жолдон кезикмек, үлпөт кайдан табылмак?!» Балбан күрөштөн башталды оюн. Чүкө ордо салынган как жер. Бир бетте жаш хан — бир жагында теңтушу бекзаада Абдырахман, бир жагында дагы бир жаш өспүрүм, өзү курак.

Бир бетте миңбашы — бир жагында алп сөөлөт Алмамбет, бир жагында бек Алымбек. Чүкө ордо ойногон бектер, аскер адамдары, кадырман ордо кишилери, аянт айланасына салынган килемдерде өз тобу, өз ымалалары менен.

«Кимдин балбаны мурун чыгар экен…» дешип, бир тобун бир тобу акмалашып, ала келген балбандарына чоң чепкен жамынтып, дымын чыгарбай отурушат. Күрөш миңбашынын каалоосу боюнча «сүрмө» кылынды. Бу эки жактан балбан чыгарып жаатташып отурмай жок деген кеп. Кай тараптан болсо да балбан чыга бермей, жыгылса туруп кетмей, жыкса байге алмай, кайра күрөшүп, дагы жыкса дагы күрөшүп, сүрө бермей. Бир убакта эки киши эки жагынан коштоп, жайма- жай каалгый басып балбан чыкты. Дүр-р этише карап калышты отурган көпчүлүк.

Башына шайы белбак таңынтып, үстүнө көйкөлгөн карала кымкап чепкен жаап коюшкан. «Кана, өлөм дегениң бери чык!» дегендей айлананы акырын сыдыра каранып, кашы чимирилип, эки көзү кантапаган, кектүүдөй, адамды аяр түрү көрүнбөйт. Күрөш башы:

— Кана, ким чыгат?! Барбы эне тууган бир азамат?! Эл дым. Четте турушкан эки адам төбөлөрү бириге кала күбүрөшөт. Бири: «О-о… Ким даап чыгат буга?..» Бири: «Бу ордонун баккан балбаны Таш-Палбан…» Байге берилери айтыла баштаганда тыяктан бирөө тура калды да, чепкенин ийнинен силкип таштап, ортого жүгүрүп чыкты. Дуу-дуу түйшөлдү көпчүлүк. Таш-Палбан тешиле тиктеп, эрини ачуулуу кымтыла карала кымкабын силкип таштап жулуна басты. Тиги да тайманбай тике келди.

— Ай… ай… палбандар, чарпышып кетпегиле, тыякта өкүмдарлар отурушат, ыйбаа кылгыла… —деп, күңкүлдөп, коюн-колтук алыштырды.

—Омийин, аллау акибар! Кийинки чыккан палбан бир-эки силкишкен соң аярланып боюн качырып калды. А багылган палбан кудум букача дүпүрөтө сүрүп, майыштырып, бир убакта тегеретип- тегеретип, ыргытып таштады. «Алгыла!» дегендей эки колун бир көтөрүп, өрөпкүп, нары- бери айланып басты.

Кай бирөө мустарап, кай бирөө палбан чыгаргандан чоочуп, кай бирөөлөр «Жашаң, Таш-Палбан!», «Аз- замат Таш-Палбан!» дешип, кыйкырык салып турушат. Мусулманкул кабагы жазылып, башын ийкеп отурат. Алмамбет көз албайт.

Күрөш башы палбанга карала кымкабын кайра жаап, аны карыдан сүйөй коштоп басып, колунда мис табак, элди кыдырата баштады — бу байгеден башка кошумча чогултуу салты. Мис табакты кыңгыр-кыңгыр эткизе алтын, күмүш теңге түшө баштады. Ошол учурда көпчүлүктүн арасынан дагы бир палбан чыга келди.

Таш-Палбан бир ормоё карап, ошол замат карала кымкабын дагы силкип таштап, алдын торой жөнөдү. Күрөш башы белдештиришке үлгүрбөй, тебелендиде калбас үчүн өзү ортодон чыга качты. Жаңы палбан бошоң эместей, эки жактан жер челишип, марашып, бирин бири тооруй тегерене басышып, бир убакта тикелеше бири бирин силкип ыргытып, экөбү эки жакка жумаланып, тең тура калышты кайра.

Дуу-дуу, сүрөөн: — А-а, күрөш деген болмой болду мына!

 — Йа-а, жигит пири Шаймерден!

— Карма-а, Таш-Палбан! Сүрөөн эрдемситип, Таш-Палбан качыра кармап, белбактан ала так көтөрүп, кудум буурача бакырган бойдон бир-нече жолу тегеретип, анан башынан ашыра алдын карай уруп жиберди, а тиги мышыктай бутунан түшө жыгылып барып оңолуп, кайра тажаалдана качырып келди да, килейген Таш-Палбанды белбактан ала өзү боюн качыра тегеретип ыргытып салды.

Таш- Палбан аласалып, сыңар тизелей жер таянып, боюн токтотуп калды. Демигип, көзүнөн заары чачырап, акырын өйдө болуп келди Таш-Палбан. Бу баланы оңой ала албайт окшойт ко?! Тике качырды тиги, Таш-Палбан боюн ала качып, буйтап, тиги эрдемсий өмгөктөп келгенде шап моюндап, тизелей бүт салмагын салып ныгырып басты, а тиги улам көтөрүп турат кайра. Үн жок, баары тымтырс. Таш-Палбан эч коё бербей, улам силкип муунта берди. Тиги бошонууга аракет кылат. Бошонтсо эле ага экинчи мындай ык келбесин билген Таш-Палбан карышып калган.

— Бу… бу күрош эмес…—деди күбүрөй Алмамбет. Диркиреп кан кетти мурдунан.

 — Бу… буунтуп өлтүрүш…—деди Алмамбет иреңи түктөйүп. Күрөш башы ажыратмак болдубу, жетип барды, бирок чоңдор тараптан «Жөн кой! Кармашсын…» деген үн угуп, жалт бере чыга качты. Мурдунан кан кеткен балбан улам бошоң, а Таш- Палбан койду баскан карышкырдай кыжынып, тиштенип, улам силкип, улам булкуп тизелетип сүйрөйт. Эси оодубу, жан кеттиби, балбан сүйрөлүп калган ченде тажаал Таш-Палбан сулатып таштап, басып кетти.

Эки колун көккө көтөрө өрөпкүп, эки көзүнүн агы чыга чакчаңдап, дагы кирген буурача бакырып- бакырып алды. Коштогон кыйкырык жок, аңы учкандай, кимдир бирөөлөр күбүрөшүп калышты:

— О-о… — Жан алгыч ко бу?!

— А бирак… өзү ар-раң калды моюндап… Күрөш башы Таш-Палбанга карала кымкабын кайра жаап, мис табагын кайра тегеретмекчи болуп калды. Ошол учурда Таш-Палбанга:

— Эй! — деп үн берип, обдула калды Алмамбет.

—Эй, бери! Мусулманкул кыя карап, акесинин мыжыга кармаган эки тизеси калчылдап турганын сезди. Йе, ага мынча орой сүйлөгөн ким?! Таш-Палбан бери карай атырыла басты, эрке талтаң болуп алган неме, миңбашыны да көзүнө илбей эки этегин далбактатып келип:

— И?! — деп зекиди миңбашынын акесин.

 — Эмне?! Күрөшкүң барбы, чык! Чал.. Алмамбет:

— Ме! — деп күрөктөй колун ага суна берди.— Күрөшкөндү эмне кылат экенсиң сен?! Ме! Тартып тургузуп эле кетсең — сеники мөөрөй! Шап кармады Таш-Палбан, күчүркөнө бир силкти—былк этпейт «чал», көчүгү кыймылдабайт.

— И-и?! Ата көйү!.. —деди Алмамбет кыжырлана күлө.

— И-и, арманың калбасын, силкип ал!

— Тиги эми «чалдын» кычкачтай кармаган колунан колун чыгарып кетишке аракет кыла баштаганда:

— И-и, болдубу?! Силкип бүттүңбү, күсталак?! — деп кекетип, жини кычап, күчүркөнө көчүгүн бир көтөрө кала бир силкип, эңгезердей балбандын башы алдына кире түшкөндө желкесине капшыра кармап, эки жолу жер сүздүрүп, чекесин канжалатып салды.

— Палбан тубайсыңбы а?! Баатый тубайсыңбы а?! Коё берди. Таш-Палбан тытылган чекенин канын аарчышка шайы жок, «чал» кармаган колунун бууну билегинен ажырап кеткенби, ооруксунуп, бети- көзү тырышып, бир жаман сөз айтчудай тоорулуп калды.

— Бар эми ушунчаңда, баатый, — деп койду Алмамбет, жарпы жазыла, шылдың кыла, а эки көзүнөн эски өртү жанып алган, тигинин дагы бир кайрат кыла кол кайрышын самап турат.

— Эми өлөсүң…—деди акырын зекий Мусулманкул өзү ордодо бактырган палбанына.

 — Жогол… Билек бууну ажырап кеткен колун көкүрөгүнө басып, артын каранбай кектүү кетти Таш-Палбан. Кана, ким кимисин мактайт?! Балбанды муунтуп сулаткандыбы, же аны жер сүздүрүп таштаган дөө «чалдыбы»?! Көрүп турган көпчүлүк дым — көбүнүн көзү чакчайып, көбүнүн оозу ачылып, а кай бири тымызын ичтен кубанган окшоп, тиштери эле кашкайып — баары кашкайып — баары тик туруп калышкан.

Те баягы четтеги экөвү дагы төбөлөрү бириге акырын күбүрөшүп турушат. Бири оозунан ашык сөз чыгара албай, «…а-а…» деп, кылтыя суроо менен тиктейт. Бири башын ийкейт: «А-а, энди…палванлары йам өзүнүкү,«акаси» йам өзүнүкү…»

Унчукпай ордунан турду да, «акесин» дагы калдайтып катар бастырып, эл көзүнөн чыгарып кетти Мусулманкул. Тигиндейрек көпчүлүктөн бөлүнгөндө: — Бу…—деп, токтоло калды, — аке…неге мынча жаалданып кеттиңиз, жарыктык?.. Күрөш дейсиңерби ушуну?! — деп жиберди Алмамбет.

— Муунтуп өлтүрмөй го бу?! — Кейий сүйлөдү.

— Жыгылганын колунан тартып тургузмай бар— күрөштүн салты. А бу ынды караң күрөшүп жыкпай, муунтуп жыгып өлтүрүп, андан — калса, күсталак, жаны жок жатып калган неменин башынан аттап кетти го?! Көпкөн… Башын ийкеди Мусулманкул:

— Өлсө ажалы жеткен бир киши өлөр, жакшы окуя болбой калды, бирак.

Кан казына. Жаш хан Кудаяр, саал алдыда, бир жагында «кан атасы» Мусулманкул, бир жагында тагасы Алмамбет. Аккүп жөжөдөй бүжүрөп карыган казынабашы майда-майда кадам менен бөжөңдөп тез-тез басып, түркүн дүнүйөнү көрсөтүп, кээде гана кыска-кыска түшүнүк кылып, кыдыртып жүрөт.

Дайыма катылып жатчу дүр-дүнүйө ал күнү атайын азиз мейманга көрсөтүлүш үчүн темир сандыктардын оозу кең ачылып, жайылып коюлган экен. Казынабашы:

— Мына булар көпкө белгилүү дүнүйө — уюткан жамбы, куюлган тайтуяк… А бу ак бермет… бу көк бермет… адам колунан жаралбайт, те алыскы Индстандын көк мухитинин түбүнөн табылат бир табылса… А булар шуру.. ак булуттарды жиреп учуп жүргөн аккуулардын жемсөвүнөн гана алынар… Мына булар каухар… жарыктык таш бүткөндүн шам чырагы… кыргыз

Мына, азгырык дүнүйө деген ушул белем, хандын да, бектин да эки көзү төрт, жылдыз болуп күлүңдөп, көгүлтүр шам болуп үлбүрөп, кээде чакмак таштын кыпын отундай жылт-жулт күйгөн дүнүйөгө байланган. Эң башы буларды да бир бечара иштерман канынан кырып, теринен буулап тапкандыр, меники деп, ач көздүктөн көздөрүн чакырайтып эртели-кеч тиктеп да отурган чыгар. Эми ал миң жылдар өтсө былк этпей, сөөгү сөпөт болуп, жер алдында жаткан чыгар. Бапасыз дүнүйө…

 Бүгүн бирөө ээлик кылса, эртең кожоюну башка… адамдардын теринен кайталанып, табылып, канына сугарылып, кызгылт түс алган дүнүйө… Эрлердин башын, хандардын тагын жеп, жерди топон кылып тепсеп келген…

кан жыттанган, ар бир жылт этишинен жесирдин ыйы, муңу угулуп турган дүнүйө. Кудаяр-хан кызып манаттан жеңдери көлбөөрүгөн узун, жалаң чапан кийип, чымкый көктөн чалма чалынып, акырын басып дем тартпай анын да көзү алтында. Мусулманкул көлөкөдөй түнөрүп анын оң кол жагында, сол жагында Алмамбет барат.

Казынабашы кирпиктерине чейин агарып, ак күп жөжөдөй бүжүрөп карыган адам, ал жалтыраган кашка башын бир жагына кыңыр алып, колундагы шамын жогору көтөрө берип дүнүйөнүн тарыхын, кайсынысы жортуулдан түшкөнүн, кайсы жылкы элден жыйган зекеттен чогултканын же кайсы бектен тартуу болуп келгенин бежиреп сүйлөп келет.

Алмамбет аңкайып, тегерене каранып, тиги казынабашынын сөзүн эңкейе калып, берилип тыңшайт, таңыркайт, баш ийкегилейт. Жаш хан бая күнү шыйрактан алган «тагасын» эч тиктебейт, сырт салып, жүз үйрүп терс айланып басып жүрөт. А алп сөөлөт чал аны боло берчү майда бирдеме сыяктуу эсинен чыгарып койгондой, көңүлү жай, «хан жиенинин» сырт салганын деле байкабайт.

— Аке, — деди Мусулманкул акырын, — «тагам казынабыздан куру чыкпасын» дейт хан жиениңиз. Кудаяр-хан жалт карай берди, көзүндө «мен качан айттым эле?» деген таңыркоо. «Тек бол…» дегенди туйдура кабак чытып койду «хан атасы». Тим болуп калды Кудаяр- хан.

— А-а… Мейли… — деп койду камырабай «тагасы». Казынабашы гана камтама, алп сөөлөт чал улам бир асыл дүйнөнүн жанына келгенде аны асте тиктеп, башка жакка алаксытышка аракет кылып жүрдү. Казынабашы:

— А бу ат жабдыктар… чылк күмүш, тилла чабылган… зергердин өнөрү өзүнчө бир баа… Бир ат жабдык он аттын куну… Өзүнчө күңгүрөнүп алды Алмамбет. «Э-э… куусаң жеткирген, качсаң куткарган атка баа, кун барбы?!» деди. Бир убакта Мусулманкул турпаты бир карыча келген алтын бурканга карашалап, акесинин көңүлүн атайы буруп калды. Алмамбет эңилип тиктеп, таңыркап:

— Кишинин кеби экен а?.. — деди, колуна алып, балача кызыгып имерип көрүп, анан өйдө экчеп, кайра экчеп.

— А-а, эми, бу… — деп, казынабашы «мааниси деле жок бирдеме да» дегенди туйдуруп, эптеп алаксытып алып кетишке аракет кылып калды.

— Будпарастардын кудайы имиш, убагында Амир Темир Индстандан олжолоп келген экен. Алмамбет бурканды ордуна коё коюп, акырын алаканын кагынып алды:

 — Тоуба! Кишиге окшош болобу кудай? — деп, астейдил таң калды.

— Ыя, өзү кудай болсо, анан олжолонуп жүрсө?!. Көзүн кылыйтып тиктеп турган Мусулманкул:

— Кеп, аке,—деди, — мунун будпарастардын кудайынын кебетеси экенинде эмес, кеп мунун баасында! Бу чылк кызыл алтындан куюлган, бу байлык, бу… Таңдайын «шык» эткизип, таңыркап, айланта карады акеси. «Ушуну кармап чыгып кетпегей эле…» деп, казынабашынын эки көзү чанагына чыгып, дем тарта албай катып калды.

А элети киши «Э-э… муну эмне кылат — минейин десең ат болбосо, жейин десең нан болбосо бу..?» деп ойлонуп турду да, анан көзү башка жакка ооп, калдайып басты. «Ия, кудай сактоочу эдиң сактадың!» деп, сүйүнгөнүнөн башын салбырата чайкап, башкаларга байкатпай өзүнчө үшкүрүп алды.

Куралканасына киргенде, шагырап тизилип турган мылтыктарды, сабы күмүштөлгөн кылычтарды, шалдыраган көк темир зоотторду бир сыйра кыдырышты. Мусулманкул эмчектешине эми ыраазы болбой тиктеп, токтоду:

— Көрдүңөрбү, булар орустан келген мылтыктар. Көздөй түз, кишинин башына алма коюп атууга жарайт!

— О-о… Кишиге тийбей так алманын өзүнө барабы? — деп астейдил аваз кылды Алмамбет.

— Ар кандай макулукту… мисалы, кийиктиби, адамдыбы алда кайдан көзгө атса болот муну менен. Алмамбет кере кулан чоң далысын күйшөп койду:

— А… биз кийикти тузак коюп эле илинтип алабыз. Мунуң тарсылдаса тоодо кийик калабы, үркүп бир жакка ооп кетишпейби! — деп андан нары басты. Мусулманкул артынан башын чайкады.

Манатканасына келгенде Алмамбеттин көздөрү жалтылдап, оозу ачылып калды. Түркүн түстөгү манаттар, кытайдан келген шайылар, орустан келген булгарылар, ак киштин, жолборстун терилери, аюу талпактар илбирстин катырган кеби бурчта катырылган калыбында турат. Түрдүү кымкап, кашкардын сарала бейкасам чапаны, чийини көз талдырган фарсы, букары килемдери, ар кандай маталар тайы бузулбай жатат.

Алмамбет сарала, көгала болгон кашкары чапандардын жанына барып токтоду, көпкө тиктеди, ар кимисин бир кармалады. Тигишин жымылдата кармап, кабыгын калкытпай чебер иштелген чапандар анын көзүн арбады.

— Алың, алың, тага!..— деди Кудаяр-хан. Мусулманкулдун эриндери бекем кымтылды. Алмамбет аны байкаган жок, хан ал дегенден кийин токтоп турбай, сарала чапандын бирин казына башынын жардамы менен ошерден эле кие баштады. Мына, сарала чапандын бир жеңи батып… бир жеңи колтугунан ылдый айрылып түштү…

Алмамбет менен казынабашы кантерин билишпей, бирин-бири тиктеп селейип калышты. Казынабашы шашып кетип, дагы бир сарала чапанды апкелип жаба койду.

— Тарт! — деди Мусулманкул кумсарып. Казынабашынын жаны чыгып кетти, көз ачып жумганча Алмамбеттин үстүнөн чапанды сыйрып алып, бүрүшө кетенчиктеди. Чокчо сакалы эрбейип, аны сайын селдейди Алмамбет.

— Хан сөзү бир болот, — деди Мусулманкул үнү муздап.

— Ушунча дүрдүнүйөнүн ичинен бир ылата колуңузга тийсе, ал да жонуңузга батпай айрылып калса, ушунча дүрдүнүйө казынадан кудаанын сизге эчтеме буйрубаганы! Ушундан соң Мусулманкул эмчектешин ордо кишилерине, кеп-кеңешине аралаштырган жок. Кайтмакчы болгон күнү гана туугандык жободон чыга албай, кичи пейилдик үчүн гана ага биртке көңүл бөлгөн болду.

— Аке, — деди ал өкүнгөндөй,

— сизди Наман-енге бек кылайын десем, билермандардын бир даары болушпады. «Акеңиз өзү топостой жапан киши экен, ушул эл башкара алабы, өз башын жакшы асырап алса да куп кеп» дешип күлүп коюшту, — деди, ушул сөздү айтып Мусулманкулдун өзүнүн да уурту тартыла түшүп, кантер экен дегенсип, Алмамбеттин турпатын бир чаргып алды.

— Кантейин… Ушундай дешип турат. Алмамбет колун шилтеп салды:

— Кой, мени кыйнаба. Намангенге барып, бек болом деп, чиркей менен бүргөгө таланып жатар алым жок. Кой, ошо кызыкдар болгондорго бере бер! — деп чынын түз айтты.

Миңбашы Алмамбетти Намангенге бек кылуу туурасында эч ким менен сүйлөшкөн эмес, а түгүл өзүнүн оюнда да жок болучу. Кечеги аңкоолугу үчүн аны өмүрүнө бир арман болгудай кылып, ойго бастырып коймокчу эле, бирок, Алмамбеттин астейдил жообу кайра өзүн ызалады, жинин келтирди.

— Болуптур, аке, сизди бий кылдым!

— Өзүбүздүн элгеби? — деп сурады Алмамбет.

— Жок, элге эмес…—деп күлдү Мусулманкул табалап.

—Өзүңүздү өз башыңызга бий кылдым!.. Тиги түшүнбөй ойлонуп калды:

— Кандай? Мусулманкулдун таноолору кыпчылып, заары бетине чыга түштү, ал өзүн өзү токтото албай кетти:

— Ошондой! Өз керт башыңызга гана ээсиз! Ушул бойдон Алмамбет хан ордосуна каттаганын койгон. Ага «өзүнө өзү бий» деген кошумча ат илешип калды, бирок ал аны элес албады, кыйытып айткандарга таарыныч да кылбады, мурдагысындай эле Күрпүлдөк

— Сайына көжөлүккө ак жүгөрү айдап, токойдон элик, кийик илинтип жеп, эркин турмуш кечирип кала берген.

уландысы бар.

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

12 − 6 =