«Атанын керээзи» тасмасы эл аралык фестивалда үч байгеге ээ болду

0

Каганат.

Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинен билдиришкендей, «Атанын керээзи» тасмасы эл аралык фестивалда үч байге утуп алды.  

Маалым болгондой, Durban International Film Festival эл аралык сынагында «Мыкты тасма» Гран-прин утуп алган. Андан сырткары, режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулуунун эмгеги дагы байгеге арзыды. Үчүнчү байгени оператор Акжол Бекболотов алды.

Белгилей кетсек, бул Түштүк Африкадагы ири фестиваль. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 250дөй тасма катышат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он эки − 4 =