Абдулла Юсупов: “Төлөгөнов менен ата-баладай жакын мамиледе болчубуз”

0

Каганат.

Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Райкан Төлөгөновдун соту болууда.

Мамлекеттик айыптоочулардын күбөсү Абдулла Юсупов көрсөтмө берүүдө.

Айтымында, ал айыпталуучу менен 2007-жылдан бери тааныш.

“Биз Райкан Төлөгөнов менен ата-баладай жакын болчубуз. Ал мени тааныбай турганын бир нече жолу айткан, бирок биз эле эмес үй-бүлөлөрүбүз дагы тааныш. Ал менин үйүмдө түнөгөн күндөрү да болгон. Чогу түшкөн сүрөттөрүбүз үйүмдө бар. Анын баласы Мусаны дагы жакшы билем”,-деди  Абдулла Юсупов.

Ошондой эле ал 2010-жылдын апрелинде Жалал-Абаддан Бишкекке Төлөгөновдун суранычы менен келгенин да айтты.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын апрелиндеги мародерчулук фактысы боюнча камакка алынган. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси ” талап-тоноону уюштуруу” жана 241- беренеси ” ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” боюнча иш козголгон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он − 1 =