Айтмаматка айтып кой. Камила Талиева: “Барсбек Кагандын айкелин жылдыруу идеясын көтөргөн авторлорду сотко берүү керек!”

Каганат.

Барсбек Кагандын айкелине «кол салуу» кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй  мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналат. Бул тууралуу КAGANATка Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышын депутаты Камила Талиева билдирди.

Талиеванын айтымында, Барсбек Кагандын айкелин башка жакка жылдыруу идеясын көтөргөн авторлорду сотко берүү  керек.

-Барсбек Кагандын айкелин башка жакка жылдыруу идеясын көтөргөндөргө токтоосуз чара көрүлүшү кажет.  Ал гана эмес бул идеяны көтөргөн авторлорду сотко берүү  керек.

Кыргыздын тарыхына кол салуу деп, тыянак чыгаруу менен, керек болсо, ээлеп отурган кызматына татыксыз  экенин баса белгилеп көрсөтүү зарыл. Анткени, мындай кадам кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй мамлекетке жасалган чыккынчылык болуп саналат-деди Камила Талиева.

Ошондой эле элибизге белгилүү саясатчы айым, мындай калпыстыкка жол бреген Ош шаарынын башчысы токтоосуз кызматтан кетишин талап кыларын кошумчалады.

-Мен Ош шаарынын мэри, кыларга жумушу жок калса, анда, пайдасынан зыяны көп жетекчини шаардын келечегине кол салдырбай, токтоосуз кызматтан кетишин талап кылам!

Ош шаары биздин, жалпы кыргыз элинин шаары! Ал эми калаа ичиндеги эстеликтер бул жалпы кыргыз элинин кылым карыткан тарыхы. Биздин келечек муунга, атадан-балага  калтыра турган баалуу мурастарыбыз. Мындай элибиздин тарыхына, баалуу мурастарына «кол салууга» кыргыз элинин душманы гана даай албаса, мен кыргызмын деген азаматтар мындайга жол бербейт-деди белгилүү саясатчы-деди.

Камила Талиева жеке кызыкчылыктар, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгынан жогору турушу керектигин айтат.

-Анан дагы бир ой келет экен. Бул эмне мурдагы мэр Мелис Мырзакматов  жасаган деген ичи тардык, көрө албастыкпы, – деген. Бирок, мындай жеке кызыкчылыктар, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгынан жогору турбаш керек! Эгер, азыркы мэр мына ушундай тайыздык менен иш кылып жатса анда, бир гана жооп: биз, эл-журт, Мырзакматовдун демилгеси менен  жасалган улуу мурастарыбызды жок кылууга жол бербейбиз.

Ошондуктан шаар мэрине айтаар кеңешим «Барсбектин каарына калба, оңбой каласын, Айтмамат мырза!»- деди Камила Талиева.

Эске салсак, 25-июлда жумурай журтка маалымат тарап, анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Б.Осмонов менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жолдо орнотулган Барсбек кагандын эстелигин башка жакка жылдыруу керек деген сунушун айтып, бул эстелик жол тыгын жаратып жатканын билдирген.

Биз кыргыз элинин тарыхына, баалуу мурастарына кайдыгер карабаган жарандарыбыздын Барсбек Кагандын айкелин башка жакка жылдыруу демилгесине карата пикирлерин жарыялап туруу үчүн «Айтмаматка айтып кой» аттуу рубрика  ачтык.

Кыргыздын карт тарыхында алтын тамгалар менен жазылган Барсбек Кагандын эстелиги шаар бийлигине эмнеге жакпай калды? Аны жылдыруу максатка ылайыкпы? Үн кошуңуз окурман.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

6 билдирүү

  1. Алыке Маргуни 26 July, 2017 at 21:39 Жооп берүү

    Бишкекте Ахунбаева менен Алматинская кочолорунун кесилишиндеги крука киргендерге жол берилет. Жол эрежеси бузулбат , пробка да жок. Ошондой кылыш керек.

  2. Зами 28 July, 2017 at 04:01 Жооп берүү

    Барсбектин айкелин бузгуча базарды тазаласын.базардандын акчасынын пайдасы тийип.Барсбектин айкелинин зыяны тийип атат бекен.айкелди бузгуча кирпичныйдан тушкондогу Ак Тилектеги заправканын жанындагы круговойго айкел тургузуп алсынчы Советтер Союзунан калган темирдин акысыда калбады жада калса краскада берилбейт бозоруп.кыйын экен озу айкел тургузсун ошол жерге.Ноокат.Кызыл Кыя.Баткенге кеткен жол.канчалаган Ош шаарынын меймандары ошол жерден отот.МЭР кызматын аркалагандан бери бир айкел тургуза алдыбы озу.Ош шаары учун козго корунчу кылым турчу эмне жасады деген суроо калат болгону Ош шаарыбыздын МЭРИ АЙТМАМАТ мырзага

Пикир

15 − 7 =