Арстанбек Абдылдаев тил сынагынан 61,2 балл алды

0

Каганат.

Президент кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн графигине ылайык саат 15:00дө талапкер Арстанбек Абдылдаев тестирлөө жайына сынак тапшыруу үчүн кирген.  Жобого ылайык, тестирлөөдөн өтүү үчүн берилген 2 саатта талапкер А.Абдылдаев сынактан ийгиликтүү өтүп, жыйынтыгында 61,2 балл топтой алды.

Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн 26-июлда президенттикке талапкерлердин алгачкы тобу кыргыз тилин билүү боюнча сынак тапшырып жатышат.

 Бүгүн, Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаевдер кыргыз тили боюнча сынактан өтүшмөк. Буга чейин Нышанов, Сариев тест тапшырып чыккан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × үч =