Бүгүн президенттикке талапкерлердин алгачкы тобу кыргыз тили боюнча тест тапшырат

0

Каганат.

Бүгүн президенттикке талапкерлердин биринчи тобу кыргыз тили боюнча тест тапшырат. Буга чейин ат салышкандар мамлекеттик тил боюнча экзаменден өтүшчү жана бул процесс онлайн режиминде көрсөтүлчү.

Ал эми быйылтан баштап сыноо тестирлөөгө алмаштырылып, түз алып баруу каралган жок. Талапкерлердин билгичтиги ортодон жогору деңгээлде болуусу шарт.

Ал үчүн тапшырмалардын жарымынан көбүн туура аткаруу керек.

Бүгүнкү күндө президенттикке 38 талапкер катталды.

Белгилей кетсек, эгерде талапкер тестен өтпөй калса кайра тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 + 12 =