Дүйнөдөгү кызыктуу жана таң калычтуу ырым-жырымдар

0

 Каганат.

Грецияда жарганаттын сөөгү дайыма чөнтөктө болсо, ийгилик коштоп жүрөт деп ишенишет. Бирок, бул жаныбарларды өлтүрүү жаман ырым болуп эсептелет.

Анлияда тепкичтер алдынан өтүү жана сагызганды көрүп калуу жамандык алып келет.

 Кытайда болсо шыпыргыдан коркушат. Алардын пикиринде шыпыргынын жаман ээси бар.

Япондуктар үчтөн сүрөткө түшпөйт. Анткени ортодо турган каза болуп калышы ыктымал.

Ырым жырымдарга катуу ишенген кесип ээлери 

1) Дарыгерлер. Алар күзөт кезектерин алмашпай турганга аракет жасашат. Эгер алмашса, оор смена туш келет деген сөз бар.

2) Учкучтар. Алар учуунун алдында эч качан сүрөткө түшпөйт.

3) Музыканттар. Концерт алдында алар оң бутунан гана турат.

4) Театр актерлору. Эгер сахнадан кагаз колунан түшүп кетсе, ага биринчи отуруп, аны менен кошо турушат.

5) Флот кызматкерлери. Кемеде жүргөндө асманды кол менен көрсөтүшпөйт. Анткени, жаман аба-ырайы болушу мүмкүн.

 6) Саперлор. Алар чакырууга жөнөп жатканда такыр коштошпойт. “эч качан” деген сөздү такыр колдонбойт.

 7) Космонавттар. Алар эч качан космоско дүйшөмбү күндөрү учпайт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 2 =