Быйыл республика боюнча 33 668 886 сом битир-садака чогултулду

Каганат.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын Рамазан айында республика боюнча 33 668 886 сом битир-садака чогултулду. 

Учурда бул чогулган акча каражаты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, өлкө аймагындагы бардык казыяттар, райондук хатибияттар жана мечиттер арыз кайрылуулардын негизинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калгандарга, жетим-жесирлерге таратылып беришүүдө.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуулук иштерин күчөтүп, топтолгон битир-садаканы арыздын негизинде муктаждарга таратып берип, алардын социалдык мүдөөлөрүн орундатууга бар күчтөрүн жумшап келет.

Быйылкы жалдагы топтолгон битир-садакадан Муфтият жана облустук казыяттар биригип, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 2 млн 800 миң сомдук жардам көрсөтсө, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ошол эле Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 395 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, жалпысынан 3 млн 200 миң сомдук жардам берилген. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы быйылкы жылы кабыл алынган арыздардын негизинде комиссиянын чечими менен 3 категорияга бөлүп, 1 млн 900 миң сомду муктаждарга таратып берди. Булардын арасында оор операцияга дуушар болгондор жана бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ алган мекендештерибиз дагы бар.

Топтолгон каражаттардын

50% пайызы жергиликтүү мечиттерде калтырылат

15% пайызы облустук казыяттарга которулат

15% пайызы хатибиятарга которулат

20% пайызы Муфтиятка которулат

2014-жылы республика боюнча жалпы 21 372 992 сом

2015-жылы Республика боюнча жалпы 31 112 350 сом

2016-жылы Республика боюнча жалпы 32 156 605 сом

2017-жылы Республика боюнча жалпы 33 668 886 сом чогулган.

Эскерте кетсек, берилип келген кайрымдуулуктун натыйжасында 2016-жылы Кыргызстан кайрымдуулук жаатында дүйнөлүк деңгээлде 83 орундан 17 орунга чыккан. 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × беш =