Нарын ресторанынын ордуна 23 кабаттуу мейманкана курулат (үлгү)

0

Каганат.

Кытайдын «De He Co LTD» компаниясы “Нарын” ЖАКы менен бирге “Нарын” ресторанынын ордуна 23 кабаттан турган «Хуалинь» мейманканасын курууну сунуштап жатат. Тиешелүү долбоор Бишкекбашкыархитектурага жиберилди.

Жердин аянты 0,52 гектарды түзөт жана 49 жылга ижарага берилген.

Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ресторан 2016-жылдын октябрына чейин тарыхый маанидеги имарат болуп саналып келген. Бирок Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 25-октябрындагы токтомуна ылайык, бул статус күчүн жоготкон.

Аталган имарат өткөн кылымдын 80-жылдарында популярдуу болгону айтылып келет. Акыркы 10 жылдан бери ээн турат.

Бишкекбашкыархитектурадан маалымдашкандай, аталган имарат былтыр сейсмология институту тарабынан калыбына келтирүүгө жараксыз деп табылган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 + он эки =