Майда бирок, маанилүү кеңештер

0

Каганат.

    • Бут кийимиңизге тиш пастасын сыгып, аны алгач кургак, андан кийин ным чүпүрөк менен сүртсөңүз, бут кийимиңиз жаңы кезиндегидей жаркырай түшөт.
    • Балаңыз тамдын бооруна карандаш менен сүрөт тарттыбы? Анда сүрөт тартылган жерди тиш пастасы жана щётка менен сүрүп тазалаңыз. Андан соң суу менен жуусаңыз таптаза болот.
    • Колуңуз жагымсыз жыттанып калса, тиш пастасы менен жууп койсоңуз дароо кетет.
    • Кирдеп калган үтүктү тазалаш үчүн да тиш пастасы колдонулат. Ал үчүн үтүк муздак кезинде бетине тиш пастасын сыгып, аны чүпүрөк менен сүртөсүз да, акырында жууп коёсуз.
    • Эгер идиштин тышын тазалай турган болсоңуз, ошол эле кайнаган сууга катуу губканы малып текши сүртсөңүз, жаркырап калат.
    • Түбүнө тамактын күйүгү калып, аябай калыңдап кеткен идишти тазалоо үчүн 1 чака ысык сууга 100 грамм силикат желимин жана 100-130 грамм сода кошуп, ага тазалай турган идишиңизди 25-30 мүнөт кайнатасыз.
    • Эгер плитанын үстүн дат басып кетсе, ысытылган суу май менен сүртүп койсоңуз, оңой кетет. Сырды теркадан өткөрүү оңой болсун десеңиз – терканы май менен майлап алгыла.
    • Эгер ашканада жагымсыз жыт орун алса, көмөч казанга уксус куюп, ысытсаңыз жыт кетип калат. Эгер тамакты жабык казанда бышырсаңыз анда витаминдердин 20 пайызы жок болот, ал эми капкагын жаап бышырсаңыз болгону 5 пайызы гана жоголот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

9 + 20 =