Ажылыкка экинчи ирет баргандар эми кошумча акы төлөйт

Каганат.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей Ажылыкка экинчи ирет баргандар эми кошумча акы төлөйт.

Маалым болгондой, жаңы эрежени күтүүсүз Сауд Арабиясы чыгарды.

Ага ылайык, кошумча акы 540 долларды түзөт.

 Зыяратчылардын тизмесинде мурда ажыга барып жүргөндөрдүн саны 100гө жакындайт.

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы биздин өлкөгө 4 миң 585 орун бөлүп берген.

Ажылык баа 2 миң 760 долларды түзөт.

Ошондо сапарга бир нече жолу чыгып жаткандарга 3 миң 300 доллар төлөөгө туура келет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 5 =