Көк бет, өжөр бирок, романтик Текебаев

Каганат.

Аты-жөнү:  Текебаев Өмүрбек Чиркешович

Туулган жылы:  1958-жыл, 22-декабрь

Жашы: 58

Азыркы кызматы: “Ата Мекен” партиясынын лидери

Азыркы иштеген жери:  Жогорку Кеңештин депутаты

Туулган жери:    Кыргызстан

Облусу: Жалал-Абад

Туулган айылы: Акман

Улуту:  Кыргыз

Уруусу:     Мундуз

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Хоббиси:  Маалымат жок

Билген тилдери: Кыргыз, орус

Үй-бүлөсү: үй бүлөлүү. Айгүл Текебаева (аялы), Амантур Текебаев (уулу), Эсентур Текебаев (кичүү уулу), Айданек Текебаева (кызы), Айсара Текебаева (кичүү кызы).

ОРТО БИЛИМИ:  

-Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Токтогул атындагы орто мектеби

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

-1976-1981-жылдар – Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультети

-1992 — 1994-жылдар – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультети

АСКЕРДИК КЫЗМАТЫ:

1981-1983 жылдары Крымдын Феодосия шаарында курулуш батальонунда аскердик кызмат өтөгөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ

1981 — 1984-жылдары

Иштеген жери: Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Токтогул атындагы орто мектеби

Кызматы: Физика мугалими

1986-жылдары

Иштеген жери: Ош мамлекеттик педагогикалык университети

Кызматы:  лаборант, ага лаборант

1987 — 1991-жылдар

Иштеген жери: Базар-Коргон райондук эл агартуу бөлүмү

Кызматы: физика жана математика мугалими, методист

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

1990 — 1995 -жылдары

Иштеген жери: Кыргыз ССРинин XII чакырылышы

Кызматы: Депутат

1991 — 1991-жылдары

Иштеген жери: Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо башкармалыгы

Кызматы: Жетекчи

1991—1991-жылдар

Иштеген жери: КРдин жаңы Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиясы жана анын жумушчу тобу

Кызматы: Комитет мүчөсү

1991 — 1992-жылдары

Иштеген жери: “Эркин Кыргызстан” саясий партиясы

Кызматы: Төрага

1993 — 1994-жылдар

Иштеген жери: Жалал-Абад облустук администрациясы

Кызматы: Жетекчинин орун басары

1995 — 2000-жылдар

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

2000 — 2001-жылдар

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Төраганын орун басары

2000 — 2005-жылдар

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

2005 — 2006-жылдар

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Төрага

2006 — 2007-жылдар

Иштеген жери:  Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

2010-жыл

Иштеген жери:  Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

2010 – жыл, апрель-июль

Иштеген жери: Убактылуу өкмөт

Кызматы: Төраганын орун басары

2010-жыл, октябрь

Иштеген жери: V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш,  Социалдык саясат боюнча комитет

Кызматы: Депутат, комитет мүчөсү

2012-жыл

Иштеген жери:  КРнын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комитети

Кызматы: Комитет башчысы

2015-2017-жылдар аралыгы

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

СЫЙЛЫКТАРЫ:

-КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын “Содружество” (“Кызматташтык”) ордени

– II даражадагы “Манас” ордени

-“Апрель элдик революциясынын баатыры” төш белгиси.

Үй-бүлөсү тууралуу:

Өмүрбек Текебаев улуу кызы Айданек менен улуу уулу Амантур чет жакта окушарын, ал эми кичүү уулу Эсентур кыргыз-түрк лицейинде билим алуу менен катар эле таэквон-до менен машыгарын, баласына чемпион болмоюнча бул спорттун түрүн таштаба деп кеңеш бергенин, кичүү кызы болсо мектеп окуучусу экенин айтып өткөн.

“Аталар балдарды, өзгөчө кыздарын урушпашы керек. Катуу сөз менен эмес, жүрүм-турумуң менен тарбиялашың керек”,-дейт Текебаев. Ал эми жубайы Айгүл Текебаева болсо жолдошу жоопкерчиликтүү, камкор экенин айтат. Айгүл Текебаева сүрөт тартат, пианинодо ойнойт.

Текебаевдин айрым элдин эсинде калган сөздөрү

Өкмөт буга чейин кыйраган учак үч жолу конууга аракет кылды деп айткан. Бүгүн түз эле келип кырсыктаганы көрүнүп турат. Менин колумда турган учакка ээлик кылган компаниянын билдирүүсүнө ылайык, учак май куюу үчүн эмес, жүк алып келген. Өкмөт болсо май куюу үчүн келген деп чындыкты жашырып жатат. Депутаттык комиссия түзөлү.

19.01.2017 Жогорку Кеңештин жыйыны

Атамбаевдин айылынан 5 сотых жер алып үй салам

19.09 2016 жыл, маалымат жыйыны

Атамбаев Турцияга барганда Эрдоган бир да оорукана кабыл албасын, мага Атамбаевдин атын угузбагыла дептир»

Элдик Курултай

Мен алдыда келе жаткан шайлоодо атаандаштыкты жаратуучу реалдуу талапкермин.

25.07.2017-жыл Текебаев соттук отурумда судья Айбек Эрнис уулуна кайрылып сүйлөгөн сөзү.

Мен мыйзамдын атасы болом.

27-июль 2017 – жыл. Текебаев соттук отурумда судья Айбек Эрнис уулуна кайрылып сүйлөгөн сөзү

Көк бет, өжөр бирок романтик Текебаев

Текебаев өз мүмкүнчүлүктөрүн, энергиясынын ондон бир бөлүгүн гана пайдаланып жүргөнүн айтып, «Мен өзүмө нааразымын, анткени менде азыркыдан да көп ишти аткарчудай дарамет бар. Бирок, аны колдонбой жалкоолонуп келем»-деп массалык маалымат каражаттарына маек берген.

«Ата Мекендин» ана башчысы романтик экенин жашырбайт. Индия фильмдерин жакшы көргөндүгүн мунун далилили катары карайт. Ал гана эмес анын абдан эмоционалдуу, сезимтал экенин, айрым учурда кино көрүп жатып кайгылуу жерлерине келгенде жашып да аларын, керек болсо фильмдин ичине кирип алып, каармандар менен кошо жашап, алар урушса кошо урушуп, кайра болушуп көрмөй адатым бар экенин көптөр биле бербесе керек.

Өмүрбек Текебаев журналисттер менен баарлашып отуруп, көбүнчө индия фильмдерин көрүү керектигин сунуштаган. Себеби, индия фильмдеринин соңу сөзсүз бактылуу бүтөрүн, ал эми кинодогу терс каармандар сөзсүз жазасын алат, мындан улам өзүң жазалап алгандай сезимде каласың, эң негизгиси фильмди көрүп олтуруп, психологиялык жактан түйүлүп барып жазылганда өзүңдө болгон негативдердин баары чыгып кетет деп айткан.

Баш мыйзамдын «атасынын» боорукерлик жактары да жок эмес. Белгилүү саясатчы  айрым учурда бир адамга жардам берүү үчүн  баардык жумушун же башка маанилүү иштеринда курмандыкка чалып койгон учурлары болгондугун анын жакын санаалаш адамдары айтат.

Өмүрбек Текебаевде  кээде карманган позициясынан кайтпай  адам өмүрүн чече турган маселе болуп жатса да, өзүнүкүн бербей койгон көк бетик бар дейт  аны жакындан билген саясатчылар.

Ал эми оппозицияда жүрүп 25 жылды карыткан, «Ата Мекен» партиясынын лидери, жакындан билбей туруп, жанында жүргөндөй сын айтып коюшкандарга карата «алар мени билишпейт да, а менин прициптерим такыр башка… Ар кимдин  ар кандай пикирлерин кабыл албагандыгым үчүн мен күчтүүмүн» деп айтканы бар.

Кайрымдуулук иштерин баарына жарыялап жасасаң, ал өз маңызын жоготуп коет. Мен деле колумдан келишинче кайрымдуулук менен алек болом, бирок, аны эч кимге жарыялабайм. Кайрымдуулук иштерин балдарым дагы үйрөнсүн, деп балдарымды апасына кошуп, «тапканымды» тапшырууга жиберип турам.

Саясаттын табияты ушундай экен. Сен жаман көргөн адамдарыңа да  жылмайып, алар менен күлүп бирге иш алып барууга туура келет. Мына ошондуктан эртеден кечке маска кийип алып жүрөсүң. Бүгүн, жакшы жүргөн бирөө менен урушуп кетишиң мүмкүн, бирде бет карашпаган адамың менен ынак достордой иш алып барышың мүмкүн. Мына ошентип, стресс жыйналат. Саясат чындыгында адамы өтө чарчатат-дейт Текебаев

 КЫЛМЫШ ИШИ

Өмүрбек Текебаевге Башкы прокуратура “коррупция” жана “алдамчылык” боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкерден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Альфа Телеком” (“Мегаком”) ЖАКсын сатып алуу боюнча ыңгайлуу шарт түзүп бермекчи болгону, орусиялык ишкер Леонид Маевский Текебаев алган акчасын кайтарбай жатат деп УКМКга кайрылганы себеп болгонун УКМК билдирген.

Тиешелүү материалдарды УКМК Башкы прокуратурага өткөрүп берген соң 25-февралда кылмыш иши козголгон. 26-февралда УКМК кызматкерлери Австриядагы ЕККУнун жыйынынан келе жаткан Текебаевди “Манас” аэропортунан, учактан кармап кетишкен.

Учурда (25.07.2017) Өмүрбек Текебаев УКМКнын СИЗОсунда камакта. Соттук отурум Биринчи Май райондук сотунда, судья Эрнис уулу Айбектин төрагалыгы астында өтүүдө.

2017-жыл, 18-июнь

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев

президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышууну чечип, 18-июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин БШКга тапшырышкан.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 4 =