Самара Каримова «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый музейдин директорлугунан баш тартты

0

Каганат.

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директорулугунан баш тартты.

Ал бул тууралуу өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда “Баарыңыздарга чоң рахмат. Сындарды туура кабыл алдым. Кызматтан өз эрким менен баш тарттым. Баарыңыздарга жакшылык тилейм” деп жазылган.

Белгилей кетсек, кечээ болуп белгилүү ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалган.

  Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кол койгондугу айтылган.  

Ал эми музейдин мурунку директору Тургунбаев Абдраим Исакович өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Аталган музей ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Учурда анда 80ден ашуун кызматкер бар.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

8 + 1 =