АКШ Орусиядагы дипломаттарын кыскартуу боюнча Москванын чечимине өкүнөт

Каганат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиядагы америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин санын кыскартуу боюнча Москванын чечимине өкүнгөнүн билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

АКШнын сырткы саясат мекемесинин билдирүүсүндө орус тараптын бул аракети негизсиз экени белгиленген. Мамдепартамент чектөөлөрдүн таасирин баалап, жооп катары чараларды иштеп чыгуу ниетинде.

Күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин кыскартууларга америкалык дипмиссиялардын 755 жумушчусу, анын ичинде АКШнын жарандары менен орусиялык кызматкерлер дуушар болорун билдирген. Миссиянын штаты Орусиянын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлердин санына теңелип, 455 кишини түзүп калат.

Орусия бийлиги өлкөдөгү америкалык дипмиссия кызматкерлеринин санын кыскарта тургандыгы жөнүндө 28-июлда билдирген. Чечим АКШнын Орусияга каршы киргизилген санкцияларды катаалдатуу тууралуу мыйзам долбооруна жооп катары кабыл алынган.

Бөлүшүү:

Пикир

беш × эки =