Чыныбай Турсунбеков ажолукка эмнеге ат салышпай турганын айтты

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерликтен эмне себептен баш тартканын маалымат жыйынында билдирди. Айтымында, анын талапкерлигин аймактагы КСДП мүчөлөрү колдошкон.

“Демократияга болгон ишенимим дагы шайлоого катышууга түрткү болгон. Мен болот экен деп ойлогом”,-деди Турсунбеков.

Ошондой эле ал талапкерлигин коюдан эмнеге баш тартканын төмөнкүчө түшүндүрдү.

“Мен көптөгөн салмактуу саясатчылар, оппозиция лидерлери менен кеңештим. Кечээ кечинде акыркы кеңешүү болуп, Кыргызстан бардык күчтөрдүн биригүүсүнө муктаж экенин түшүндүм. Парламент аркылуу бириктирүүнү улантам деп ишенем”,-деди төрага.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 6 =