Кыргызстандан Гиннес китебине киргендерди билесизби?

Каганат.

Дүйнөлүк Гиннесс китебине киргендер

“Гиннесстин рекорддор китеби” бүгүнкү күндө англис тилинде 40 өлкөдөн чыгарылат жана 30 тилге которулат. Ал китепке кыргыздардан төмөнкүлөр кирген:

  • Дүйнөдөгү эң узун поэма – кыргыз элинин “Манас” эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-ж. жарыяланган, 500 миң саптан турат.

  • Кыргыздардан эле эмес, Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадер – Үсөйүн Кудайбергенов (1949-2005). Ал СССРде эле эмес, дүйнө жүзүндө кайталангыс трюктарды жасаган. Каскадер катары көптөгөн фильмдерде тартылган. “Улуу Петр”, “Бабек”, “Борис Годунов”, “Али Баба жана кырк каракчы”, “Ярослав Мудрый” ж.б. фильмдерди тарткан режиссер дагы. Ал «Юность гения» аттуу өзбек фильминде 27 м бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5 м тереңдиктеги Сыр-Дарыяга секирип трюк жасаганы үчүн Гиннесс китебине кирген. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин мыкты каскадер деген баасын алып, 1980-ж. дүйнөдөгү эң мыкты 10 каскадердун бири болгон. Каскадерлордун «Ардактуу куру» сыйлыгын алган.

  • Буту менен жаа атып, атканда да көзгө атар мергендей даана атып Гиннесс китебине кирген циркач кызыбыз Аида Акматова (20 жашта, 2007).

  • 2007-ж. 14-майда Япониянын Ниигата шаарындагы Япония эларалык университетинин 50 студенти (50 мамлекеттин өкүлдөрү, балдар-кыздар аралаш) мончонун буу бөлмөсүнө чогуу кирип, 720 ысыктыкта 1 саат отурушкан. Ошентип алар Гиннесстин рекорддор китебине жазылышкан. Алардын арасында кыргызстандык Ташболотов Турдакун деген мекендешибиз болуп, ал Кыргызстандын кичинекей желегин оозуна тиштеп отурган.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Бөлүшүү:

Пикир

19 − алты =