Маевский Бишкекке август айында келгени белгилүү болду

0

Каганат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отурумунда кылмыш ишиндеги материалды иликтөө болууда.

Анын жүрүшүндө Леонид Маевский Бишкекке 2010-жылы август айында келгени белгилүү болду. Ал Кыргызстанда 22-25 август күндөрү болгон. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, ал Леонид Маевский менен ошол маалда жолугуп, орусиялык саясатчылар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү суранган.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулардын башкы күбөсү болгон Маевский буга чейин берген көрсөтмөсүндө Текебаевге берген 1 миллион сомду талап кылуу үчүн Бишкекке май айында келгенин айткан болчу.

Бирок мурунку соттук отурумда Леонид Маевский 2010-жылдын 13-майында Бишкекке келгени тууралуу паспортунда мөөр жок экени белгилүү болгон.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 5 =