Садыр Жапаровдун соту 2-августта уланат

0

Каганат.

Бүгүн, 31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровка карата соттун өкүмү чыкмак. Бирок,  Садыр Жапаровдун соту соттун катчысынын ооруп, жумушка келбегендигине байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум 2-августта улантылат.

Эскерте кетсек, 24-июлдагы отурумда прокурор Садыр Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну суранган.

Сотко «Ата-Журт» партиясынын лидери депутаты Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдакы депутаты Бөдөш Мамырова жана Садыр Жапаровдун тарапташтары келишти.

Ал эми Биринчи май райондук сотунун алдына топтолгондор Садыр Жапаровго акыйкат чечим чыгарып, аны бошотууну талап кылышты.

Эске салсак,   2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен.

УКМК Каптагаевди кармап турушкан унаа Садыр Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге тиешелүү экенин жана күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, митингди Садыр Жапаров уюштурганын жана каржылаганын билдирген.

Жапаров акыркы 3 жылда Кипрде жашап жаткан. Ал 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга келип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × беш =