Турсунбеков: “Мен кызмат сурап президентке кайрылган эмесмин”

0

Каганат.

Чыныбай Турсунбеков аны КСДПнын катарынан чыгарууга негиз болбогонун маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында, ал КСДПнын принциптерин карманып келет.

“Айрым массалык маалымат каражаттары мени президент менен соодалашып жатыптыр деп жазып чыгышты. Мен туугандарыма же өзүмө кызмат сурап президентке кайрылган эмесмин. 2010-жылы Атамбаев мага министрлик кызматты сунуштаган, мен баш тарткам. Андан кийин депутат бол деди, андан да баш тарткам. Бирок Алмазбек Атамбаев бир сөз менен мени таң калтырды. Ал Кыргызстанда азыр оор учур экенин жана четте карап туруу жигитчилик эмес экенин айтты. Ошондуктан КСДПга киргем. Партияга көп эмгек кылдым. Президенттикке талапкерлигимди койсом партияда бөлүнүү болуп, буга мен күнөөлүү болуп калмакмын”,-деди ал.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 1 =