Электр жарыгы өчүп, Текебаевдин соту түштөн кийин уланмай болду

0

Каганат.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отуруму уланды. Анын жүрүшүндө материалдар иликтенип жатат. Сот Эрнис уулу Айбек 5-томду окуп баштаган болчу.  

Бул учурда электр жарыгы өчүп калды. Натыйжада сот14:00дө уланмай болду.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 − 5 =