Кличко карьерасын жыйынтыктады

0

Каганат.

21-кылымда булгаары мээлей ээлеринин сап башында турган ага-ини Кличколордун бири боксчу Владимир Кличко спорттон кетип жаткандыгын кабарлады.

“Спорттук карьерам ушунчалык узак жана ийгиликтүү болот деп эч качан ойлогон эмесмин”, – деген оюн билдирген Кличко.

Эске салсак, апрель айында 41 жаштагы мушкер оор салмактагы дүйнө чемпиону британиялык Энтони Йошуага 11- раундда утулуп калган. Ошентип ноябрга сунуш кылынган экинчи беттешүү болбой калды.

Бир нече жолу дүйнө чемпиону болгон Кличко 64 ирет атаандаштарын жеңип, 5 беттешүүдө утулган, Кличконун карьерасын жыйынтыкташы бокс чөйрөсүндө чоң жаңылык болду.

Спорттук карьерасын 1996-жылы Атлантадагы Олимпиаданы жеңгенден кийин баштаган.

Кличколордун киндик кан тамган жери Кыргызстан деп айтып келебиз. Тагыраагы Владимир Кличко Казакстанда туулса, ал эми анын бир тууганы, Киевдин азыркы мэри Виталий Кличко Кыргызстанда төрөлгөн.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

16 + 8 =