Табылды Акеров: “Сот Айбек Эрнис уулу Кыргызстанды, кыргыз элин бүгүнкү макулуктуктан өз чечими менен сактап кала алат”

0

Каганат.

Акыркы убактарда «Баш мыйзамдын атасынын» соту коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салууда. Ал эми эң чоң жоопкерчилик, оор түйшүк сот процессин жетектеп жаткан судья жүктөлгөндөй. Бул тууралуу сиздин көз карашыңыз…

-Мен Кыргызстан 7 – апрель революциясынан кийин да авторитардык режимге кабылып, өлкөбүздө Акаев, Бакиевдин учурундагы окуялар кайра кайталанат деп уч уктасамда түшүмө кирбесе кирбесе керек деп ойлогом.

Бирок, жанылышыптырмын. Кыргызстан эли 7 – апрель революциясынын жеңиштерине канчалаган өлүм, кан менен жетишти. Бирок, биздин саясатчылар дагы деле тарыхтан сабак алышпаганы көрүнүп турат. Өтө өкүнүчтүү. Бирок, менин ишенимимде, бул авторитардык режимдин саркындылары.

Мындан Кыргыз саясий элита, кыргыз эли оңой эле кутулса болот. Себеби, авторитардык режимди каалагандар, аны самап жаткандар өзүнүн көз алдындагынын баарын тебелеп -тепсеп, ар кандай ушак, жалаалардын негизинде мамлекеттик машинанын күчүн колдонуп “Белизгейт”, “Маевскийгейт” операцияларын жүргүзүп, чындыкты бүк түшүрүп, анын колу бутун байлап, тушап алып да, андан ары жыла албай, Ө.Текебаевдин тагдырын өзлөрү чече албастыгына көздөрү жетип, судья Айбек Эрнис уулунун колуна өткөрүп берип олтурушат.

 Эми Кыргызстандын, элибиздин тагдыры, бардыгы Айбек Эрнис уулунан көз каранды. Ошондуктан айрымдар, эми Айбек Эрнис уулу жеке кызыкчылыгын ойлоп, мансапты көздөп, Текебаевди камап берсем эле мени жаркыраган келечек күтүп турат, мага жана үй бүлөмө бакубат турмуш өкүм сүрөт, бир кызматтан экинчи кызматка жогорулап, төрдөн орун алам деп жатса, анда анын көксөгөнү алыс эмес деп жатышат.

Анда А. Эрнис уулу чечимин дайындай берсе болот деп, анын бул кадамга бара алабы же бара албайбы деп чечимин күтүүдө. Себеби, анын чечиминен кийин Акаев, Бакиевдин учурундагыдай болуп, ал дежурный судья аталса да, мансабы жогорулап, бир бийликтен, экинчи бийликке өтүп, бийликтин сый -урматына бөлөнөт. Азыр деле ошондо биз унутпа дегендер четтен чыгып жатса керек.

Сиздин оюңузча Айбек Эрнис уулу Кыргызстанда демократиялык баалуулуктар сакталганын, мыйзам баарынан бийик экенин далилдеп берүүгө кудурети жетеби?

-Менимче, Айбек Эрнис уулуна бүгүн биринчи кезекте Кыргызстандын келечегин, элди, анын кызыкчылыгын унутпоосу анын өзүнөн да, уй-бүлө бүлөрүнө да, уул-кыздарына да алда канча маанилүү, баалуу жана пайдалуу деп ойлойм. Себеби, Айбек Эрнис уулунун чечиминен жеке эле Ө.Текебаевдин тагдары көз каранды эмес, анын чечиминен Кыргызстандын, жалпы кыргыз элибиздин келечеги, анын жана ар бирибиздин уул-кыздарыбыздын келечеги көз каранды болуп турат. А. Эрнис уулу бүгүн өлкөбүздө демократиялык баалуулуктардын кынтыксыз сакталуусу, адам укуктарынын принциптеринин тебеленип, тепселбештиги шарт экенин көрсөтүшү абзел болуп турат.

А. Эрнис уулу бүгүн Кыргызстан өзгөчө бир сызыкка кептелип калгандыгын түшүнүүсү зарыл. Бүгүн ал ага жүктөлгөн процесс бул өтө жоопту жана ага карата чыккан чечим бир эле адамдын тагдырын эмес, бүтүндөй бир өлкөнүн, элдин тагдырын биз каалабаган таптаза башка, биз андан 7 апрель революциясында баш тарткан нукка буруп кетүүсү мүмкүн экенин аңдап билиши абзел.

Эгерде ал туура эмес чечим чыгарып койгон болсо, анда мындан ары Кыргызстанда ар бир саясатчыны ар кандай ушак -айыңдын, жалган жалаанын негиизинде каралап, камап. Үй-мүлкүн тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калаашы мүмкүн экендигин түшүнүүсү абзел болуп турат. Карапайым адамды айтпай эле коелу, саясатчылар, лидерлер өз укуктарын коргой албай калыштары мүмкүн.

А. Эрнис уулунун чечими өлкөгө Бериянын мезгилин кайтарып келип калышы толук ыктымаал. Кыргызстанда президенттер, саясатчылар, саясий партиялардын лидерлери жылдан -жылга бийликке, саясатка сабаты төмөн, бирок акчалуу инсандарды алып келип жатышат.

Бийликке сабатсыз, акчалуу инсандардын агылып келип жатышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Себеби, саясий элита, партиялар кландык топтордон түзүлүп жатат. Кылмыштуу топтор менен да ымалада болуп жатышат, куралданып да жатышат. Булардын ортосунда чоң жана майда кагылышуулар жүрүп жатканы да эч кимге жашыруун эмес. Буга далил катары бүгүн “атамекенчилердин” үч лидерине (Текебаев, Шыкмаматов, Салянова) кылмыш ишин ачып, сот процесстери жүрүп жаткандыгын айтсак жетиштүү.

Мына дал ушундай кагылыштардын бирин А. Эрнис уулу карап жатат. Бийлик тарап жалаа менен камап бер, биздин каалообузду (Текебаевдин камалуусун), биздин автортардык системабызды бекемдештирип, мыйзамдаштырып бер деп жатат. Экинчи тарап, бул иштин саясий заказ экендигин айтып, чыркырап, темир тордун артында коргонуп жатат.

Улуттук коопсуздук кызматы, прокуратура бийликтин айныгыз камчысына айланды. Сот бийлиги да алсыз. Бирок, бул макулуктуктан Кыргызстанды, кыргыз элин А. Эрнис уулу гана өз чечими менен сактап кала алат. Ошондой эле ал Кыргызстанда мыйзам иштерин, жана кыргыз соттору үчүн баарынан мыйзам бийик турарын далилдеши абзел.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + 16 =