Баткенден зыяратчылар ажылык сапарга кетишти

Каганат.

Баткен облусунан зыяратчылар Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы зыяратчыларды Ош Эл аралык аба майданынан узатууга Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев келишти. Алар ажылыктын шарттарын, коопсуздук эрежелерин айтышып, зыяратчыларды Сауд Араб Падышачылыгынын мыйзамдарын так сактоого чакырышты.

“Баткен облусунан Медина шаарына жөнөп жаткан болочок ажыларга облус казысы Муса ажы Жолдошов батасын берип, аман-эсен барып келүүлөрүнө тилектеш экендигин айтып, мамлекетибиз үчүн ыйык жерден дуба кылууга үндөдү”,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-августта Ош шаарынан зыяратчылар ажылык сапарга учуп кетишкен. Алар Мединадан Мекке шаарындагы Даур Кудей районундагы Якупбек мейманканасына келишип, аларды Маварау Нахр бирикмесинин кызматкерлери зам-зам суу, курмалар жана таттуу шириндиктер менен тосуп алышкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × үч =