Канатбек Исаев кыргыз тили боюнча тестти ийгиликтүү тапшырды

0

Каганат.

Президенттик кызматка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн Канатбек Исаев жакшы жыйынтык менен чыкты. Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт субтесттин жыйынтыгы менен 82,15 баллга ээ болгон.

Бүгүн 11-августта сынактан өткөн талапкерлер Э.Зарлыков жана Т.Акимов  да жакшы жыйынтык көрсөтө алышты.

Эске сала кетсек, кечээ 10-августта сынакты ийгиликтүү тапшырган 3 талапкерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылган. Ал эми талапкер Мактымбаев Калмамат сынактан жетиштүү балл топтой албаганына байланыштуу сертификатка ээ боло алган жок

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 2 =