Президенттик шайлоодо канча адам добуш бере алат?

0

Каганат.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, октябрь айында болчу президенттик шайлоодо 2 миллион 914 миң 588 киши добуш бере алат. Бул тууралуу мамлекетти каттоо кызматы билдирген.

Анда тизмеге 18 жашка толгон жана биометрикалык маалыматты тапшыргандар киргизилгени жазылган.

Мекемеден белгилешкендей, 15-августтан тарта шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмелери илинет.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар жашаган жери боюнча өзүн тизмеден текшерүү керектигин билдирет. Ошондой эле тизмеде бар же жок экенин билгиси келгендер www.shailoo.srs.kg сайты, 119 номери аркылуу билишсе болот. Мындан сырткары персоналдык номерин жазуу менен 119 номерине СМС билдирүү жөнөтүшсө да болот. Телефон чалуу жана СМС билдирүү жөнөтүү акысыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч + он үч =