Садыр Жапаровдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арыз жазды

0

Каганат.

Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен макул болбогон Садыр Жапаровдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арыз жазды. Бул тууралуу жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Айтымында, аппеляциялык арызды жабырлануучу Эмил Каптагаев дагы жазган.

Жактоочу арыз бүгүн берилгенин жана ал качан каралары белгисиз экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2-августта Биринчи Май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

“Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөсүн. Убактылуу кармоочу жайда камалган ар бир күнү 2 күнгө барабар деп саналсын”,-деген сот.  

Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен.

УКМК Каптагаевди кармап турушкан унаа Садыр Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге тиешелүү экенин жана күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, митингди Садыр Жапаров уюштурганын жана каржылаганын билдирген.

Жапаров акыркы 3 жылда Кипрде жашап жаткан. Ал 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга келип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 17 =