Текебаев Маевскийдин калпын чыгарды

0

Каганат.

Бүгүн, 11-августта Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда айыпталуучу жарыш сөзүн улантууда.

Текебаев Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрү калп экенин билдирди. Күбө Маевский 2010-жылдын 13-майында күндүзгү сүйлөшүүлөрдөн кийин өзү, Алексей Модин, Дүйшөнкул Чотонов, Талант Маматкеримов жана Текебаев болуп “Супара” этно комплексине барып сүйлөшүшкөнүн билдирген болчу.

“Бул калп. Себеби Маевский айткан убакытта мен Конституциялык жыйында болчумун, аны видеожазуулар жана стенограмма жана күбөлөр тастыктап берет. Ал эми Чотонов болсо Исмаил Исаков менен бирге Ошто жүргөн. Биз “Супарага” барганга физикалык жактан жетишпейт болчубуз”,-деди ал.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 16 =