Текебаевдин сотуна Роза Отунбаева келди

0

Каганат.

Бүгүн, 11-августта Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Сотко  Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев келди. Бүгүн айыпталуучуларга карата өкүм чыгары айтылууда.

Белгилей кетсек, кечээки соттук отурумда прокурорлор Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону суранышкан болчу.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча “Ата Мекен” партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп айыпталышууда. Алар муну саясий куугунтук деп атап келишет.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 5 =